Ички иштер министрлигинин этика боюнча комитети Бишкекте 13-мартта өткөн митинг маалында шахмат ойногон милиция кызматкерлеринин жүрүш-турушун карап чыгат. Бул окуя боюнча ИИМдин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү түрдүү пикирлерин билдирип жатышат.
13-мартта «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы «Кумтөр» маселеси боюнча «Ала-Тоо» аянтында өтүп жаткан митинг маалында парламенттин имаратынын түндүк тарабында шахмат ойноп жаткан милиция кызматкерлеринин сүрөттөрүн жарыялаган.
Ал сүрөттөр менен макаланын автору Марат Уралиев Kloop.kgге берген маегинде акчага карта ойноп жаткан милиция кызматкерлерин көргөндүгүн, бирок ал сүрөттө көрүнбөй калгандыгын билдирди.
«Вечерний Бишкектин» журналистинин айтымында, анда карта оюну болгондугун анын жанында турган «24.kg» агенттигинин эки журналисти ырастап бере тургандыктарын айтты.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде милиция кызматкерлеринин жүрүш-турушу этика боюнча комиссия тарабынан каралаарын билдирди.
Осмонбаев ал милиция кызматкерлерине кандай жаза колдонулушу мүмкүндүгүн тактап айтып бере алган жок.
«Бизде айып салынбайт. Бизде эскертүү берилиши мүмкүн же этика боюнча комиссия өз сунушун берет», — деди ал.
«Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы жана ИИМдин алдындагы Байкоочу кеңештин мүчөсү Азиза Абдирасулова милиция кызматкерлеринин аракеттеринде мыйзам бузуу болгон эмес деп эсептейт.
«Адатта митингдерге 300 милиция кызматкерин жөнөтүшөт. Ал жакта алар бир күн бою эмне кылышмак эле? Ойной беришсин да», — деди Абдирасулова.
Аны менен байкоочу кеңештин башка эки мүчөсү макул эмес.
Тариэль Искаков милиция кызматкерлеринин бул кылык-жоругу тартип кодексин бузат деп эсептейт.
«Милиционерлер кызматка киришкенде аларда тартип кодекси деген болот. Алар кызматтык милдетте болушат жана бардыгы устав боюнча жасалышы керек. Аларда шахмат ойногула деген буйрук болгон эмес да», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү Дамира Дөөлөталиева Искаковду колдоп, шахмат ойноп жаткан милиция кызматкерлеринен сырткары карта да ойногон милиционерлерди көргөндүгүн кошумчалады.
«Милиция кызматкерлери Ак үйдүн жанындагы профсоюздар үйүнүн артында отуруп алып карта да ойноп атышкан», — деди Дөөлөталиева.
Автор: Мария Гребнева
Сүрөт: Марат Уралиев, «Вечерний Бишкек»