Академиянын башчысы менен анын орун басары «пара талап кылгандыктары» үчүн кармалышты. Аларга карата окуу жайдын кызматкери арыз жазган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери ИИМ академиясынын башчысы Алмаз Базарбаев менен анын орун басары Рахматилло Амираевди 13-март күнү кечинде кармаган - бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдыраимов билдирди.
Абдыраимов Академиянын жетекчилигине каршы арызды окуу жайдын маалымат жана китепкана бөлүмүнүн башчысы жазгандыгын айтты — басма сөз кызматынын өкүлү анын аты-жөнүн билдирген жок.
«Ал кайсы бир буйрукту жок кылуу үчүн башчысынын орун басары андан акча талап кылып жаткандыгы жөнүндөгү арызы менен кайрылган», — деди Абдыраимов.
Абдыраимов тинтүүнүн жүрүшүндө Базарбаев менен Амираевдин иш бөлмөсүнөн акча табылгандыгын кошумчалады.
«Анын иш бөлмөсүн тинтүүдө акча табылган, бирок азырынча анда канча сумма болгондугун айта албайбыз», — деди ИИМдин басма сөз катчысы.
Анын айтымында, учурда кармалган жетекчилер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.
ИИМ академиясы бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартып жатат.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы расмий жооп жибере тургандыгын айтып, алдын ала комментарий берүүдөн баш тартты.
Автор: Александра Ли
Иллюстративдик сүрөт