Жалал-Абад: «Ата-Журттун» мөөнөтсүз митинги аяктады

2013-03-05_rusdram1

Оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлеринин бошотулушу үчүн чыгып жаткан тарапташтары депутаттардын үстүнөн сот аяктаганга чейин митингдерге чыкпай тургандыктарын билдиришти — бул тууралуу алардан партия лидери Камчыбек Ташиев өтүнгөн.

Жалал-Абаддагы нааразычылык акциялардын уюштуруучусу Медет Үсөнов жакынкы күндөрү митингдер болбой тургандыгын Kloop.kgге билдирди. Анын айтымында, Ташиев митинг катышуучуларынан «сотко басым көрсөтпөөнү» өтүнгөн.

«Биз митингдерибизди өзүбүз токтоттук, өткөрбөйбүз», — деди Үсөнов.

Учурда аянтта эки боз үй жана бир отургуч бар — уюштуруучулар муну митинг деп эсептешпейт.

«Ал жакта адамдар жөн эле турушат. Анда биздин штаб иштеп жатат. Митингдер кайрадан башталса ошол жактан башталат. Биздин кыймыл — көз карандысыз. Биз депутаттарды бошотуу, «Кумтөрдү» улутташтыруу жана Салянованын [башкы прокурор] кызматтан кетиши боюнча маселелерди чечүүгө өз алдынча жетишүүгө аракет кылабыз», — деди Үсөнов.

«Ата-Журттун» басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов Жалал-Абаддагы митингдин уюштуруучусунун айткандарын ырастады — ал депутаттарды бошотууну талап кылган акциялар өкүм чыгарылганга чейин өткөрүлбөстүгүн айтты.

«Митинг катышуучулары соттук процесс аяктаганга чейин бардык акцияларды токтото туруу чечимине келишти», — деди Анаркулов.

Ал өкүм чыккандан кийин митингдер болушу мүмкүндүгүн кошумчалады: «Мындан ары бардыгы соттун чечимине байланыштуу болот».

Камактагы депутаттардын тарапташтарынын акцияларынын көпчүлүк бөлүгү өлкөнүн түштүгүндө өтүп келген — алар «бийикти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деп айыпталып жаткан парламентарийлерди бошотуу талабы менен Жалал-Абадда 5-марттан бери митинг өткөрүп жатышкан .

Буга чейин «Ата-Журттун» 14-мартта Бишкекте миңдеген кишилер катышкан митинг өткөрүүнү көздөп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр пайда болгон, бирок белгиленген акцияга үч күн калганда аны кийинкиге жылдырышкан.

Оппозициялык партиятиянын лидерлери Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдорго өткөн жылдын октябрындагы митинг маалында «бийликти басып алууга аракет кылышкан» деген айып коюлууда. Саясатчылар болсо ал айыптоолорду четке кагып жатышат.

Учурда алардын иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Авторлор: Зарема Султанбекова жана Евгений Погребняк