Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 10 миң сом өлчөмүндөгү «пара талап кылгандыгы» үчүн Борбордук бажынын башкы тескөөчүсүн кармады. Бажы кызматынын өкүлдөрү бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартып жатышат.
14-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан пара алып жаткан жеринен бажы кызматынын полковниги кармалды, деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
«Кармалган адам жүк коштоп жүрүүчү документтеринин белгиленген талапка дал келбестигин шылтоо кылып жеке ишкерден акча сураган», — деп жазылган УКМКнын сайтында.
Тергөө башкармалыгы «кызмат абалын пайдаланып зыян келтирүү» жана «пара талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Учурда бажычы УКМКнын тергөө абагында камакта.
Мамлекеттик бажы кызматы Kloop.kgнин кабарчысына Борбордук бажыга кайрылып көрүүнү сунуштады.
Бирок ал жердин катчысы да жетекчиси учурда бош эмес экендигин айтып, башкы тескөөчүнүн кармалышы боюнча комментарий бере албастыгын билдирди.
УКМК акыркы үч күндүн ичинде эле пара алып жаткан жеринен үч жогорку кызматтагы чиновникти кармады.
13-март күнү кечинде Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысы Алмаз Базарбаев менен анын орун басары Рахматилло Амираевдер дагы «пара талап кылгандыктары» үчүн кармалышкан.
Автор: Зарема Султанбекова