Социал-демократтар фракциясынын депутаттары өлкө башчысына тиешелүү айтылган ушактар үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунушташты. Талдоочулар бул Кыргызстандагы сөз эркиндигине зыянын тийгизет деп эсептеп жатышат.
Бул тууралуу маселе негиздөөчүсү президент Алмазбек Атамбаев болуп эсептелген Социал-демократтар фракциясынын жыйынында козголду.
«Эгер жалпыга маалымдоо каражаттарында президенттин дарегине байланышкан материал пайда болсо Башкы прокурор эч кандай кайрылуусу жок кылмыш ишин козгоп, ал факты боюнча тергөө баштоого милдеттүү», — деди идеянын демилгечиси, депутат Галина Скрипкина Kloop.kgге.
Бул идеяны талкууга алууга «Ала-Тоо Экспресс» гезитине басылып чыккан макала өбөлгө болгон. Депутаттын пикиринде, ал «президенттин аброюна доо кетире» турган макала.
Kloop.kgнин редакциясы социал-демократтардын демилгесине өбөлгө болгон гезиттин ал санын таба алган жок.
Скрипкина Kloop.kgнин кабарчысына гезиттеги макала кыргыз тилинде болгондуктан анын мазмуну менен тааныша албагандыгын айтты.
Фракция жыйынында аны кесиптеши Чыныбай Турсунбеков колдоп чыкты, бирок ал учурда комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болуп жатат.
Жалпы эле ушактар үчүн Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартууну кайра алып келүүнүн зарылчылыгы жөнүндөгү маселени вице-премьер министр Шамиль Атаханов 14-мартта көтөрүп чыккан.
Ал 2010-жылдагы революциядан кийин күчүнө кирген өзгөртүүлөр менен толуктоолорго өкүнүп жаткандыгын айткан - ал өзгөртүүлөргө ылайык, ушак үчүн кылмыш жоопкерчилиги жокко чыгып жарандык гана жоопкерчилик калган.
«Мен анда кээ бир басылмадардын өз билгенин кылуусуна алып келген аша чапкандык болгон деп эсептейм. Алсак, мага басылмаларда бир топ эле жалаа жабышат», — деп жазган «Кабар» маалымат агенттиги Атахановдун айткандарын.
Эркиндик үчүн коркунучтуу
«Медиа-полис институту» коомдук фондунун директору Бегайым Үсөнова социал-демократтар тарабынан сунушталып жаткан норма өлкөдө цензуранын күчөшүнө шарт түзөт деп эсептейт.
«Бул конкреттүү бир негизи жок жөн эле айтылган сөз экендигине үмүттөнөм. Мындай сөздөрдү КСДП партиясынан укканыма таң калып жатам. Анткени, ушактарды юридикалык жактан кайра жиктештирип которуу — апрель окуяларынын жеңиштеринин бири болгон да», — деди талдоочу Kloop.kgге берген маегинде.
Үсөнова «ушак» беренеси бийликти сынга алган журналисттердин оозун басууга мажбурлаган ыкма катары колдонулаарына ишенет.
«Ушакты юридикалык жактан кайра жиктештирип которуу журналисттердин жазаланбай тургандыгын билдирбейт, анткени жарандык мыйзам боюнча жоокерчилик бар да. [...] Жогорку жактагы коррупция жөнүндө жазып жаткан ар бир журналист темир тор артында болуп калышы мүмкүндүгү тууралуу ойлоп калат», — деп кооптонуп жатат талдоочу.
Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө болуп жаткандыгы биринчи жолу 90-жылдардын ортосунда, «Республика» гезитинин журналисттерине карата кылмыш иши козголгондо сынга алынган. Анда ал журналисттер президент Аскар Акаевди сынга алышкан.
Ушак үчүн куугунтуктоо 2010-жылдагы революциядан кийин юридикалык жактан кайра жиктештирилип которулган — муну кепилдеген норма өлкөнүн Конституциясынын 20-беренесинде жазылган.
Автор: Зарема Султанбекова