Бишкекте мектептин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларга өтүү үчүн тапшыра турган жалпы республикалык тестирлөөнүн жоопторун саткан учурлар катталды. Бирок уюштуруучулар ал жоопторду бүтүрүүчүлөр бекер сатып алып жаткандыктарын эскертип жатат. Айтымдарында, учурда тестирлөөнүн суроолору толук түзүлүп бүтө элек.
Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү менен алектенген Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борбору Бишкекте тестирлөөнүн быйылкы суроолорунун жооптору менен соода кылган «алдамчылардын» бар экени аныкталгандыгын билдирди.
Аталган мекеменин директору Инна Валькованын айтымында, 2013-жылкы республикалык тестирлөө үчүн жооптор түзүлө элек, ошондуктан сатылып жаткан жоопторду алуу жардам бербейт.
«Азыр жооптор жок, аларды сатууга мүмкүн эмес», — деди ал журналисттер менен болгон жолугушуусунда.
Валькованын айтымында, жооптордун эрте эле жарыяланышын алдын алуу үчүн республикалык тестирлөөнүн тесттери көп сандаган түрдүү адистер тарабынан түзүлөт жана компьтерлерде белгиленет — суроолордун жоопторун тестирлөө өткөнгө чейин түзүүчүлөр гана билишет.
Суроолордун бардык жооптору уюштуруучулар менен бирге тестирлөө өткөндөн кийин гана бир жерге чогултулат.
«Алдамчылар «жоопторду» да, суроолордун өзүлөрүн да сатышууда, бүт баарын, сертификаттарга чейин сатып жатышат», — деди Валькова.
Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борборунун директору жооптордун сатылып жаткандыгы тууралуу жарыяны интернеттен тапкандыгын билдирип, аны «ата-энелер үчүн тузак» деп атады.
Мындай окуя биринчи жолу болбой эле — өткөн жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн уюштуруучулары иликтөө жүрүзүшүп, тестирлөөнүн суроолорунун жоопторун сатып алышкан.
Валькова «жоопторду» саткандар алардан 1000 сом сурап, Бишкектин ЦУМунун жанына жолугушууга чакыргандыгын айтты. Алар акчасын алгандан кийин тез эле кетип калышкан.
Анын айтымында, ал жооптор тестирлөөдөгү жоопторго туура келген эмес.
Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайларына сынак жок эле тапшыруусуна мүмкүнчүлүк берет.
Алгач тестирлөө үч тилде - кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде өткөрүлгөн. Бирок Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борборунун башчысынын айтымында, 2013-жылы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясы жоюлушу мүмкүн.
Автор: Александра Ли