Кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздары Москва рыногуна чыгып башташты

2013-03-05_rusdram1

Кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков менен «Тумар» тобу алгачкы жеке концертин берет. Ал 21-мартта Орусиянын борбору — Москва шаарында өтөт. Алардан сырткары сахнага мекендеш-ырчылар Каныкей, Гүлнур Сатылганова жана Темир Назаровдор чыгышат.

Өмүрзаков менен «Тумар» тобунун концерти бир кездерде советтик рок-музыкант Виктор Цой, америкалык ырчы-бийчи Майкл Джексон жана британиялык «Роллинг Стоунс» рок-тобу ырдаган «Лужники» олимпиадалык комплексинде өтөт.

Өмүрзаков Kloop.kgге берген маегинде бул анын биринчи жеке концерти болоорун жана аны жазгы күн менен түн теңелген күнгө тууралай тургандыгын билдирди.

«Буга чейин эч жерде жеке концертимди берген эмесмин. Жеке кечелерим, башка кишилер тарабынан уюштурулган биргелешкен концерттер болгон», — деди бийчи.

Өмүрзаковдун маалыматы боюнча, ал концертке кыргызстандыктар гана келбейт.

«Концертти биздикилер гана эмес, көптөгөн орусиялыктардын да көргүлөрү келип жатканы өтө кубандырууда. Дагы бир нече адам аны көрүү үчүн атайын Украинадан Москвага келүүнү каалап жатышат», — деди ал.

Бийчи Москвадагы концертинен кийин «Тумар» тобу менен биргеликте дүйнөнү кыдыра тургандыгын кошумчалады. Өмүрзаков болжолдонуп жаткан ал гастролдордун маршрутун так айтып бере алган жок.

Өмүрзаков КМШ аймагында орусиялык «Минута славы» телешоусунун финалдык бөлүгүнө чейин жетип, экинчи орунга ээ болгондон кийин белгилүү болуп калган.

Мындан кийин Өмүрзаков бир нече эл аралык сынакта көзгө көрүнө алган, бирок 2011-жылдын аягында Братислава шаарында өткөн «Чехия менен Словакиянын таланттары» аттуу бий сынагында жеңишке жеткен.

Бийчи 2012-жылы «Украина таланттарга бай» сынагынын финалдык бөлүгүнө чейин жеткен.

Москвадагы концерт кыргызстандыктардын Орусияга болгон миграциясынын масштабдуулугун көрсөтөт.

Ал Кыргызстандын жашоочуларынын Орусияга болуп жаткан активдүү эмиграциясынын фонунда болгону жатат - андагы кыргызстандыктардын көбү кызмат көрсөтүү жана курулуш тармагында иштешет.

Москвада канча кыргызстандык жаран жашай тургандыгы тууралуу так маалымат жок, бирок жалпы Орусия боюнча болжол менен 500 миң кыргызстандык жашайт. Бул Кыргызстандын жалпы калкынын ондон бир бөлүгүн түзөт.

Автор: Мария Гребнева

Сүрөттүн автору: Ильяс Нурмамбетов