Лоу-косттор кыргызстандыктар үчүн Европаны көздөй ачылган терезеби?

2013-03-05_rusdram1

21-мартта түркиялык «Пегасус» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек каттамын аткарып баштайт. Бул авикаттамдардын өзгөчөлүгү, алар «бюджеттик» же «лоу-костторго» тиешелүү. Кыргызстандыктар үчүн бул эмнени берет?

Сыйнат Султаналиева бюджеттик авиакаттамдарды магистратурада окуу үчүн Улуу Британияга барган кезде жактырып калган.

«Ал — мен болгону 120 фунт [8700 сом] менен Будапештке барып кайра келе алаарымды билгенде — мен үчүн Европадан эң жакшы белек болгон», — деп эскерет ал.

Султаналиева өзүнүн студенттик бюджети менен эле Европаны көрө алган жана бюджеттик авикаттамдар коштогон ыңгайсыздыктардан эч чочулаган эмес.

«Лоу-косттордо бекер тамак сунушталбайт. Бул жакшы да. Менин максатын Львовго же Берлинге чейин жетүү болсо — демек мага учуу маалында тамакка тойбостон ал жакка учуп баруу гана жетиштүү болот да», — дейт ал.

Өзүнүн Стамбулдагы негизги аэропорту аркылуу Кыргызстанды Европа өлкөлөрү менен байланыштыра турган «Пегасустун» лоу-кост каттамдарынын ачылышын Султаналиева кубаныч менен кабыл алды.

«Бул Кыргызстандын көп сандаган жарандарына Европаны ачууга шарт түзөт — мисалы, Лондонго барып-келгенге 1000 доллардан ашык каражат жумшаганга карганда 500 долларлык билетти көп киши алат», — деп эсептейт ал.

Аз чыгым

Лоу-косттордун бизнес-модели эң жөнөкөй — жүргүнчү аз ыңгайлуулуктар үчүн арзаныраак билет сатып алат. Эрежеге ылайык, бюджеттик авикаттамдарда бизнес-класс сыяктуу кызматтар жок. Башка «стандарттуу» авикаттамдардан башка айырмачылыктары бар.

«Биздин каттамда бекер тамак болбойт, сууну өзүнчө баага сатып алышат. Тамактардын баасы 5доллардан 8 долларга чейинки – өтө көп эмес сумманы түзөт. Кээ бирлери учуп баратканда такыр эле тамак ичишпейт», — деп эскертти «Пегасус Азиянын» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Жанболот Раимов.

Мындан сырткары «Пегасустун» учактары аэропорттордо эң аз убакыт болушат.

«Тейлөө үчүн учак ал жерде эң көп дегенде бир саат турат. Ал бир ордунда турбай, дайыма учуп турушу зарыл. Ушундай жол менен биз бааларды төмөндөтүүгө жетиштик», — дейт Раимов.

Бирок дүйнөнүн көпчүлүк лоу-костторунан айырмаланып, «Пегасус» өз жүргүнчүлөрүнө билеттин алгачкы баасы менен бирге 20 килограммдык жүк алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Түрк атаандаштыгы

«Пегасус» лоу-косттордун дүйнөлүк рыногундагы жаңы авиакомпания. Компания 1990-жылы негизделип, алгачкы 15 жыл ичинде чартердик ташып жеткирүү менен гана алектенген.

Бирок алгачкы бюджеттик үзгүлтүксүз каттамдары ачылган 2005-жылдан бери «Пегасус» тез ылдамдыкта өсүп жатат. Ал 2012-жылга карата ташып жеткирүүнүн көлөмү боюнча буга чейин Бишкек-Стамбул багытындагы каттамдарда монополист болуп келген «Түрк аба жолдорунан» кийинки Түркиядагы экинчи авиакомпания болууга жетишкен.

«Пегасус» мекендеш-атаандашы менен олуттуу кармашууга даярданып, дароо эле Бишкек менен Стамбулдун ортосундагы күн сайын каттам жасоо деңгээлине өттү.

«Парк толугу менен жаш, учактары жаңы. Ошондуктан сервиси менен комфортунун деңгээли «Түрк аба жолдорунукундай» эле болот. Бизде бизнес-класс гана болбойт, ал эми эконом-класс «Түрк аба жолдорунукундай» болот», — деп убада берди Жанболот Раимов.

«Пегасус» — Бишкек-Стамбул багыты боюнча «Түрк аба жолдору» менен атаандаштыкка түшкөн алгачкы авиакомпания. Бул каттам боюнча «Эйр Бишкек» кыргыз авиакомпаниясынын учактары 2011-жылы учуп турган, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай, Орусия багытында жана ички каттамдар менен гана чектелүү чечимине келишкен.

«Биз буга чейин учуулардын кымбаттыгынан улам мүмкүнчүлүгү болбой келген калктын катмарынын учуусун каалап жатабыз», — дейт Раимов.

Азырынча кыргыз рыногунда мындай күчтүү атаандаштын пайда болгондугу боюнча «Түрк аба жолдору» комментарий бербей эле — Kloop.kg авиакомпания менен байланышууга аракет кылды, бирок эч кандай комментарий ала алган жок.

Бирок талдоочулар «Пегасустун» пайда болушу «Түрк аба жолдорунун» бааларына таасирин тийгээрин айтып жатышат.

«Көп жылдардан бери «Түрк аба жолдору» менен учуп жүргөн адамдардан башкасы биринчи кезекте баасына карайт», — деп эсептейт «Эйр Бишкек» авиакомпаниясынын директорунун орун басары Диларам Ашырметова.

Бул пикир менен Кыргызстандын ири туристтик агенттиги болуп эсептелген «Главтурдун» өкүлү Салтанат Токшумакова макул.

«Түрк аба жолдору» буга чейин монополист болуп, кээ бир сезондордо баалары аябай жогору болгон. Бирок «Пегасустун» пайда болушу менен баалар кескин төмөндөйт — бул бардыгы үчүн жакшы», — деп эсептейт ал.

Лоу-косттордун кемчиликтери

Акыркы жылдары авиаиндустрия тармагындагы бардык сыйлыктарды жеңип келе жаткан «Түрк аба жолдору» жалпы кардарларын жоготпойт — деп эсептейт Atlas.kg туристтик агенттигинин менеджери Карылгач Курпулиева

«Түрк аба жолдоруна эч кандай атаандаштык болбойт. Бааларында айырмачылыктар бар, бирок «Түрк аба жолдору» — бул комфорт, ыңгайлуулук жана учуулардын эң жакшы географиясы», — дейт Курпулиева.

Бюджеттик авиакаттамдар менен учууда бардыгы эле сонун болбойт — жарнамаланып жаткан арзан баалар чындыгында бир топ эле жогору болушу мүмкүн, өзгөчө шарттардын бардык куулуктарын билбеген жүргүнчүлөр үчүн.

Мисалы, көпчүлүк учурларда лоу-косттор билетте көрсөтүлгөн шаардан алыс жайгашкан кичинекей аэропортторду колдонушат, жүргүнчүлөргө болсо аэропорттон шаарга чейин кошумча акча менен барууга туура келет.

Көпчүлүк учурларда эң төмөнкү баалар күтүүсүз кырдаалдарда гана — эгер жүргүнчү жүгү жок бара жатса, учуу маалында эч нерсе жебесе жана конуучу талонду өзү ачканда иштейт.

Кээ бир лоу-косттордо билет үчүн кошумча акча төлөөнүн ойго келбеген схемалары болот — мисалы, кээ бир бюджеттик авиакомпанияларда эгер жүргүнчү билет үчүн насыя картасы менен төлөсө кошумча акча алынат.

Лоу-косттордогу ыңгайсыздыктар менен кыргызстандык Айсулуу Сулайманова курбусу менен Милан-Барселона каттамы боюнча «Райан Эйр» авиакомпаниясы менен учуу маалында дуушар болгон - аталган авиакомпания Европадагы эң белгилүү лоу-косттордун бири болуп саналат.

«Аэропорттон «Райан Эйрдин» кызматкери бизден конуучу талон сурады, а бизде ал жок болчу. Ал каттамга каттодон өтүшүбүз керектигин айтты, бирок биз ал үчүн дагы 60 евро төлөшүбүз керек болуп калды — жыйынтыгында билеттин алгачкы баасынан үч эсе көп акча короттук», — деп эскерди ал.

Билетти башка каттамга алмаштыруу үчүн Сулайманова 300 евро төлөшү керек болчу, ошондуктан ал 60 евро берүүгө макул болгон. Андан кийин жүк үчүн дагы 75 евро алышкан. Жыйынтыгында, ал алгач көрсөтүлгөн 20 евронун ордуна 155 евро короткон.

«Бирок мен мойунга алышым керек — ал шарттар тууралуу кичинекей тамгалар менен жазылган текстти окуп чыгышым керек болчу», — деди Сулайманова.

Авторлор: Бектур Искендер жана Нуржамал Жаныбекова