Атамбаев: Кыргыз тилин бардыгы билиши керек

2013-03-05_rusdram1

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз тили боюнча кандай позицияда экенин билдирди — өлкө башчысынын пикиринде, кыргыз тилин Кыргызстандын ар бир жараны билиши керек.

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү темасы боюнча пикирин билдирди. Ал толуктоолорго ылайык, Кыргызстанда кыргыз тилин колдонуу чөйрөсү кеңейет.

Аталган мыйзам долбоору коомчулуктун бир бөлүгү тараптан негативдүү реакция жараткан.

Президенттин айтымында, «өлкөдө кыргыз тилине тиешелүү деңгээлдеги сый-урмат болбосо туруктуулук менен достукту орнотууга болбойт».

Президенттин пикиринде, кыргыз тили — бул мамлекеттин өзөгү жана ал кимдир бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага карабастан өнүгүп таркашы керек.

Атамбаев кыргыз тилдүү жарандар көп жашаган аймактарда иш кагаздарын жүргүзүүнү кыргыз тилине өткөрүү боюнча Жогорку Кеңештин чечими тууралуу айтылган сындарды - кээ адамдардын «арадай жерге чарадай жыйын куруу» каалоосу деп атады.

«Мен азыр англис тили менен немис тилин үйрөнүп атам. Башка тилдерге салыштырмалуу кыргыз тилин үйрөнүүнүн шарттары бир топ эле начар. Бирок бизде өзүбүздүн даяр чөйрөбүз бар эмеспи. Эгер адам кыргыз тилин үйрөнгүсү келсе ал үйрөнөт, эгер үйрөнгүсү келбесе ага ар дайым «расмий тилди кемсинтип жаткан» «начар Жогорку Кеңеш» менен Атамбаев тоскоолдук кыла берет. Бирок кыргыз тилин баары бир үйрөнүү керек, ал эми Орусия элчилигине арызданып жазуу — бул уят», — деп билдирди президент.

Муну менен катар Кыргызстандын башчысы кыргызстандыктар үчүн орус тили да зарыл экенин жана мамлекет аны өнүктүрүү боюнча иш алып бараарын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш өткөн аптада мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам менен Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү маселесин карап чыккан - аларга ылайык, мамлекеттик кызматтарга кыргыз тилин билген адамдарды гана алуу сунушталган.

Ал толуктоолор өз ичине мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейткен дагы бир нече өзгөртүүлөрдү камтыйт.

Оригинал: «Азаттык» радиосу