Бишкектин мектеп окуулары жазгы каникулда 10 күн эс алышат, ал эми өлкөнүн башка бөлүгүндөгү окуучулардын каникулу болгону төрт күнгө гана созулат. Билим берүү министрлигинин билдирүүсү боюнча, аймактык мектептердин жазгы каникулунун кыска болушу алардын кышында көп эс алгандыктарына байланыштуу.
Бишкек мэриясынын алдындагы билим берүү департаменти борбордун окуучуларынын жазгы каникулун 10 күнгө — 20-марттан 1-апрелге чейин узартуу жөнүндөгү буйрук чыгарды.
Жазгы каникул Кыргызстандын башка аймактарында бир жумага кыскартылды, алар 21-марттан 24-мартка чейин эс алышат.
Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева аймактардагы мектеп окуучуларынын эс алуу мөөнөтүнүн кыскартылгандыгын өлкө боюнча 2012-жылдын соңунда катуу суук болуп, андан улам окуучулардын кышкы каникулга эрте тарагандыктары менен түшүндүрдү.
Бишкектин окуучуларынын каникулун узартуу демилгеси Бишкек мэриясынын алдындагы билим берүү департаментине тиешелүү.
Билим берүү министрлиги өткөн жылы кыш суук болуп, мектепке барган балдардын саны азайгандыгына байланыштуу бардык мектеп окуучуларын бир жума эрте — 24-декабрда эле каникулга тараткан.
Бирок министрликтин буйругуна карабастан Бишкек мэриясынын алдындагы билим берүү департаменти борбордун мектептеринин окуучуларын эс алууга кое берген эмес.
Жыйынтыгында, Бишкектин мектептеринин окуучулары мэриянын буйругуна баш ийип, каникулга 31-декабрда гана чыгышкан.
Ага окшош окуя азыр дагы болуп жатат — билим берүү министрлигинин буйругунда Бишкек мектептери үчүн атайын эч нерсе жазылган эмес, борбордун окуучуларынын каникулдарынын узартылышы мэриянын буйругуна гана негизделгендиги айтылган.
«Биз буйрук чыгардык жана ал бардык жалпы билим берүү мекемелерине бирдей тиешелүү», — деди Жукеева.
Автор: Азат Рузиев