Чакыруу кубогу: Тажикстан 3-0 Макао

2013-03-05_rusdram1

Тажикстан курама командасы Азия футбол Конфедерациясынын 2014-жылкы чакыруу кубогунун тандап алуу баскычында Макао курама командасын 3:0 эсебинде утуп, В тобунун жеке лидерлигине чыкты.

Николь Кавазовичтин командасы үч голду тең оюндун экинчи жарым бөлүгүндө киргизди.

Алгачкы топту Джамшед Исмоилов беттештин 56-мүнөтүндө - Макао курамасынын коргоочулары тарабынан Алексей Негматовго каршы оюн эрежеси бузулган соң - айыптык соккудан киргизди.

Беттештин акырында оюн толугу менен Макао курама командасынын даразасына өттү, бул мүмкүнчүлүктү тажик чабуулчулары колдон кетиришкен жок.

83-мүнөттө Джахонгир Эргашев Негматовдон алган топту даразанын төмөнкү сол бурчуна таамай тээп киргизди.

Исмоилов оюндун кошумча мүнөтүндө айып белгисинин сыртынан тепкен таамай соккусу менен дарбазанын төмөнкү оң бурчуна дагы бир топ киргизди.

Бирок беттештин башталышы тажик командасы үчүн анча жеңиштүү болгон эмес — биринчи жарым бөлүктө оюн талаасына чыккан экинчи курам кызыктуу оюн көрсөтө алган жок.

Беттештеги алгачкы чыныгы кооптуу абал Тажикстандын дарбазасында пайда болду - оюндун экинчи жарым бөлүгүнүн башында Макаонун жарым коргоочусу Висиниу де Жесус Мораиш Алвеш тажик коргоочуларынын жаңылыштыгынан пайдаланып чабуулчу Хо Ман Хоуну тажик дарбазачысы Алишер Додов менен бетме-бет чыгарган.

Бирок Макао оюнчусунун соккусу кайсыл жакка багытталаары алдын-ала көрүнүп тургандыктан Додов аны тосуп койду.

Тажик командасы алмаштыруулар менен экинчи таймда күчтөндүрүлүп, оюндун экинчи жарым бөлүгүнүн ортосуна жакын гана топтоштурулган чабуулдарын баштады, жыйынтыгында бул команданы ири эсептик жеңишке жеткирип, В тобундагы жеке лидерликке алып келди.

Бул топто Тажикстандын негизги атаандашы Кыргызстан курама командасы болуп эсептелинет.

АФКнын Чакыруу кубогунун финалдык бөлүгүнө беш тандап алуу тобунун жеңүүчүлөрү, ошондой эле экинчи орунга ээ болгондордун эң мыктылар өтөт.

Эгер Кыргызстан Пакистандын үстүнөн жеңишке жетсе Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы оюн топтун чечүүчү беттеши болуп калат — ал оюн дагы Бишкекте 21-мартта болот.

Автор: Бектур Искендер