«Мэйл.ру» кыргыз активистинин даттануусунан кийин макаласындагы сүрөттү алып салды

2013-03-05_rusdram1

Кыргыз активисти Токтайым Үмөталиева сот менен коркуткандан кийин «Мэйл.ру» интернет-порталынын жаңылыктар бөлүмү сайтына жайгыштырылган макаладагы анын сүрөтүн алып салды. Анда Үмөталиеванын 2010-жылдагы революция маалында тартылган сүрөтү оппозициянын азыркы митингдери жөнүндөгү макалага пайдаланылган.

18-мартта «Мэйл.ру» социалдык түйүнүнө ээлик кылган «Мэйл.ру Групп» интернет-компаниясы оппозициянын күтүлүп жаткан митингдеринен улам Ак үйдү кайтаруу күчөтүлгөндүгү жөнүндө жазылган макаладан Токтайым Үмөталиеванын 2010-жылдагы революция маалында тартылган сүрөтүн алып салды.

«Бул боюнча бизге түздөн-түз эч ким кайрылган жок — кырдаал тууралуу ММКлардан белгилүү болду. Азыркы учурга карата ал макаладагы сүрөт өчүрүлгөн», — деп жазылган «Мэйл.ру Групптун» басма сөз кызматынын Kloop.kgге жөнөткөн катында.

Бейөкмөт уюмдардын Ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева Kloop.kgге берген маегинде орус компаниясы сүрөттү алып салганына карабастан баары бир алар менен соттошоорун билдирди.

«Эгер расмий кечирим сурашпаса биз соттошобуз. Алар кечирим сурап, моралдык зыянды төлөп берүүлөрү керек», — деди ал.

Активист орусиялык интернет-компания ага моралдык зыян келтиргени үчүн «Мэйл.ру Групптун» кызматтары менен пайдаланган ар бир колдонуучу үчүн 100 сомдон төлөп берсин деп жатат.

«Биринчи кезекте Мэйл.ру сайтына жарыяланган маалыматтар менин өлкөмдүн беделине зыян келтирип жатат, анан албетте коомдук ишмер катары менин персонама зыян келтирди жана менин ар-намысымды каралады», — деп эсептейт Үмөталиева.

Орусиянын интернет-компаниясы активисттин сүрөтү бар макаланы сайтына 13-мартта жайгаштырган.

Макаланын тексти «КирТаг» маалымат агенттигинин сайтынан алынган, бирок жарыялоодо сүрөттү орусиялык компания өзү тандап койгон. Беш күндүн ичинде «Мэйл.ру» сайтынын колдонуучулары макаланын төмөн жагындагы пикир калтыруу бурчуна 50 комментарий жазышкан.

«Мэйл.ру Групп» — орус тилдүү интернетте ири интернет-компания болуп саналат. Компаниянын сайтынын кызматтары менен 22 млн киши колдонот.

M-Vector изилдөө-консалтинг компаниясынын маалыматы боюнча, «Мэйл.ру» социалдык түйүнү аудиториясы боюнча Кыргызстанда биринчи орунда турат — аны өлкөнүн интернет-колдонуучуларынын 76 пайызынан көбү пайдаланат.

Автор: Азат Рузиев