Атайын кызматтагылар «минет» сөзүнө жайгаштырылган сүрөт үчүн онлайн-сөздүктүн негиздөөчүлөрүн суракка алды

дары_чек ара, сурот 8223

ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери кыргыз тилин үйрөтө турган tili.kg сайтындагы «минет» деген кыргыз сөзүнүн котормосуна жайгаштырылган сүрөттү порнография деп таап, сайттын негиздөөчүлөрүн суракка алышты. Сайттын негиздөөчүлөрүнүн бири ал сүрөттө аялдын башы гана жайгаштырылгандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылууда.

tili.kg долбоорунун жетекчиси Александр Тумановдун айтымында, сайттын белгисиз колдонуучусу кошкон сүрөт үчүн аны Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери суракка чакырышкан.

tili.kg сайтындагы кыргыз-орус сөздүгүндө «минет» деген эки сөз бар —бири «минтүү, ошентүү» деген маанини билдирген кыргызча сөз, экинчиси оралдык секс деген маанидеги орус тилиндеги сөз.

Тумановдун айткандары боюнча, сүрөт сексуалдык мааниге ээ болбогон  «минет» деген кыргыз сөзүнө кошулган.

«Колдонуучулардын бири ал сөзгө [минет] эч кандай жыныстык орган жана эротика жок эле аялдын башынын сүрөтүн кошуп койгон. Колдонуучу ал сөздү сүрөтү менен бирге глоссария бөлүмүнө жайгаштырган», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Тумановдун айтымында, сүрөттү алар февралда эле өчүрүшкөн, бирок ИИМ менен УКМК сайттын негиздөөчүлөрүн марттын ортосунда сурак берүү үчүн чакырган.

«Министрлердин бири ИИМге арыз жазган. Андан бери эки ай өттү, бирок эмнегедир азыр гана карап жатышат. Биз ИИМ менен УКМКга түшүнүк кат жазып бердик», — деди ал.

«Көзөмөлдөнгөн эмес»

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде сөзгө кошулуп жайгаштырылган сүрөт порнографиялык болгон деп билдирди.

«Мыйзамда порнографиялык мүнөздөгү материалдарды жайгаштырууга, таркатууга тыюу салынган. Биз ал сүрөткө, жалпы эле сөзгө каршы болгонбуз. tili.kgнин кызматкерлери муну көзөмөлгө алышкан эмес, анан кара санатайлар сайтка уятсыз мамиле кылгандыктан сайтта ушундай материал пайда болгон», — деди Осмонбаев.

Басма сөз кызматтынын өкүлү алар сайттын кызматкерлери менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүп кое бергендиктерин айтып түшүндүрдү.

«Ал сүйлөшүүдөн кийин алдыда ал сыяктуу фактылар дагы кайталанбашы үчүн аталган бөлүмдү текшерип туруу чечими кабыл алынды», — деп кошумчалады Осмонбаев.

Бирок Туманов мааниси жагынан «минет» деген кыргыз сөзү менен такыр байланышы жок болгон ал сүрөт порнографиялык болгон эмес деди.

«ИИМдин кызматкерлеринде сүрөттүн скриншоту да жок. Анда эч кандай эротика, жыныстык мүчөлөрүсүз эле аялдын башы гана болгон», — дейт Туманов.

Кыргызстанда порнография Кылмыш кодексинин 262-беренеси менен жөнгө салынат – анда порнографиялык продукцияларды даярдоо, таркатуу, жарнамалоо жана сатуу үчүн жазалар каралган.

Бирок өлкөнүн мыйзамынын бир дагы жеринде порнография катары эмне эсептелинээри так жазылган эмес.