Башкы прокуратура Санжар Бакиевге жарыяланган мунапысты чакырып алды

дары_чек ара, сурот 8223

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Санжар Бакиев түзөтүү абагында дагы эки жылдай камакта болот. Башкы прокуратура аны 20-мартта эркиндикке чыгара турган мунапысты кайра чакырып алды.

Курманбек Бакиевдин иниси Жусупбек Бакиевдин уулу дагы бир жыл жети ай камакта болот — бул маалыматты Kloop.kgге берген маегинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматкери Элеонора Сабатарова ырастады.

«Башкы прокуратура мунапысты чакырып алды, буга байланыштуу Санжар Бакиев түзөтүү абагында калат», — деп түшүндүрдү Сабатарова.

Ал өлкөнүн көзөмөлдөө органы эмне себептен мунапысты чакырып алгандыгын билбейт.

Комментарий алуу үчүн Башкы прокуратура жеткиликсиз болуп жатат.

Санжар Бакиев 2010-жылдын 14-майында Жалал-Абадда башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүнө курал колдонгон деп айыпталып жатат.

Анда жаңы гана бийликтен куулган президент Бакиевдин тарапташтары Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратын басып алышкан. Аларды Убактылуу өкмөт менен анын тарапташтары имараттан сүрүп чыгарышкан, андагы жаңжалдын жыйынтыгында эки киши каза болуп, 63 киши жарадар болгон.

2010-жылдын ноябрында Жалал-Абад облустук соту Санжар Бакиевдин 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок кийин Жогорку сот анын жазасын жумшартып, камактагы мөөнөтүн 5 жылга чейин азайткан.

Кийинчерээк, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата Санжар Бакиевге мунапыс жарыялашкан, ага ылайык, анын камактагы мөөнөтү 2013-жылдын 20-мартында аяктамак.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды