Бишкек мэриясы Отунбаеванын уулунун чырактарынын ордуна жаңыларын орнотуп жатат

дары_8223

«Бишкексвет» Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын уулу тарабынан орнотулган Жаш Гвардия гүлбагындагы чырактардын ордуна жаңы прожекторлорду орнотуп жатат. Отунбаеванын уулунун чырактары үстүбүздөгү жылдын январынын ортосунда алынган.

Бишкек мэриясы Жаш Гвардия гүлбагында, Чүй жана Киев көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырларынын аллеясына 10 чырак орнотот — деп жазылган муниципалитеттин сайтында.

Сайттын маалыматы боюнча, прожекторлордун жалпы баасы 35 миң сомду түзгөн — Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов да Жаш Гвардияга чырактарды орнотууда болжол менен ушундай өлчөмдөгү эле каражат жумшаган.

Аты-жөнүн айткысы келбеген «Бишкексветтин» жумушчуларынын бири Kloop.kgге чырактарды 20-мартка карата орнотуп бүтө тургандыктарын билдирди.

Ал Жаш Гвардия гүлбагында орнотулуп жаткан чырактар 25 ваттка ылайыкталгандыгын жана алар бир эле жолу колдонууга арналгандыгын айтты.

«Бул жаңы технология, алар бир эле колдонуу үчүн. Эгер күйүп кетсе чырактардын өзүлөрүн гана алмаштыруу керек болот [...] Бул эксперименталдык долбоор, чырактардын канчага чейин чыдаарын билбейбиз», — деди «Бишкексветтин» жумушчусу.

Садыбакасов муниципалитеттин бул аракеттерине түз эле көз карашта.

«Алар азаматтар, акыры ал жерге жакшы чырактарды орнотушту. Алар өздөрүнүн кызматтарын талаптагыдай аткарып жаткандыгы жакшы», — деп жооп берди активист.

Бишкек мэриясы Садыбакасов орноткон Жаш Гвардия гүлбагындагы чырактарды 22-январда кайрадан алып салган.

Алып салуунун расмий себеби — уруксат берүүчү документтердин жоктугу. Ал чырактар Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын токтомуна ылайык алынган.

Автор: Мария Гребнева