Кыргызстан курама командасы Азия футбол Конфедерациясынын Чакыруу кубогунун тандап алуу бөлүгүндө минималдуу эсеп менен экинчи жеңишине жетти — бул жолкусунда Пакистан курама командасы жеңилди. Эми Кыргызстан курамасы топтогу чечүүчү оюнда Тажикстан менен беттешет.
Кыргызстандыктар жалгыз голун оюндун эң башында киргизди, биринчи мүнөттө эле Каюмжан Шарипов оң тараптан топту чыгарып берди, Дэвид Тетте аны токтотуп, так дарбазанын ортосуна тээп киргизди.
Мындан кийин оюн бир нукка түштү — Кыргызстан көп чабуу жасады, бирок кээ бир учурларда Пакистан Павел Матяштын дарбазасынын жанындагы кооптуу абалдар менен жооп берип жатты.
Жакында эле Орусиянын «Волга» футбол клубунда ойноп баштаган Валерий Кичин биринчи жарым бөлүктө бир нече жолу алдыга чыгып, 17-мүнөттө атаандашынын дарбазасын көздөй катуу сокку кое берди, бирок аны Пакистан курамасынын дарбазачысы Юсуф Эджаз Батт тосуп койду.
Пакистан өзүнүн эң кооптуу абалын оюндун 37-мүнөтүндө – чабуулчусу Адил бир нече кыргыз коргоочусун жазгырып өтүп, топту айып аянтчысына чыгарып берген учурда жарата алды, бирок Матяш топту кармап калды.
Экинчи жарым бөлүктө оюндун тездиги төмөндөп, оюнчулардын кагылышуусунан улам тез-тез тыныгуулар болуп турду – жалпысынан дарыгерлер оюн талаасына алты-жети жолу чыгышты.
Убакытты создуктургандыктары үчүн Кыргызстан курамасынын эки оюнчусу — Шарипов менен капитан Руслан Сыдыковдор сары айып кагазы менен жазаланышты.
Натыйжасында, кыргызстандыктар оюн эсебин көздөгөн жыйынтыкка жеткире алышты, бирок өз тобунда биринчи орунду Тажикстанга алдырып жиберди — топтогу борборазиялык эки кураманын тең упайлары бирдей, бирок Сергей Дворянковдун командасы киргизген жана кое берген топтордун айырмасы боюнча артта калып жатат.
Дворянков оюндан кийинки маалымат жыйынында Ганада төрөлгөн «Дэвид Теттеге кыргыз жарадыгын бергендердин» бардыгына ыраазычылыгын билдирди — Тетте Чакыруу кубогунда Кыргызстанга тиешелүү болгон эки голдун тең автору боло алды.
«Бүгүнкү беттеш боюнча оюнчуларга эч кандай доомат жок», — деди Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу.
Пакистан курама командасынын башкы машыктыруучусу Завиша Милославлевич өтө кыска гана комментарий берди, бирок бүгүнкү оюнда Кыргызстан курамасынын «командалуулугун» белгилеп өттү.
В тобунун чечүүчү негизги оюну 21-мартта өтөт, анда алты упайга ээлик кылган топтун эки лидери - Кыргызстан менен Тажикстан беттешет.
Пакистан менен Макао курама командалары топтон чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырады.
Азия футбол Конфедерациясынын 2014-жылы Мальдив аралдарында өтө турган Чакыруу кубогунун финалдык бөлүгүнө тандап алуу айлампасындагы беш топтун жеңүүчүлөрү, ошондой эле экинчи орунга ээ болгондордун эң мыктылары өтөт.
Кыргызстан менен Тажикстан беттешинде тең чыгуу эле жетиштүү болот — андай болсо Кыргызстан 7 упайы менен өз тобунда экинчи орунга ээ болот да, болбой калды дегенде башка топтордо экинчи орунга ээ болгон үч командадан озуп кетет.
Автор: Бектур Искендер