Контейнерлер үчүн алына турган салыктардан улам Бишкектин базарлары бир күндүк иш таштоого барышат

<

 «Дордой» базарынын сатуучулары контейнерлеринин экинчи кабаты үчүн салык төлөөдөн баш тартып, бир күнгө жумуштарын токтото тургандыктарын билдиришти. Салык кызматы бул маселени чечээрин айтып убада берүүдө.

«Дордойдун» сатуучулары  эгер бийликтегилер контейнерлер үчүн төлөнчү салык көйгөйүн чечишпесе бир күндүк иш таштоо жарыялай тургандыктарын айтып жатышат — бул тууралуу Соода-базар борбордук комитетинин төрайымы Дамира Дөлөталиева билдирди.

Анын айтымында, «Дордойго» Бишкектин аймагында жайгашкан башка базарлардын бардыгы тең кошулууга даяр.

«Биз “Дордойду” гана эмес, башка бардык базарларды да бир күнгө жабууну көздөп жатабыз. Бул акыркы чара болот», — деди Дөлөталиева Kloop.kgге берген маегинде.

Ал базарлар кайсы күнү иштебей тургандыгын тактап айтып бере алган жок.

Соодагерлер билдирип жатышкандай, нааразычылыктар Кыргызстандын салык кызматы тарабынан контейнерлер соодагерлердин жеке менчиги болбосо да алардын экинчи кабаты үчүн салык алуу чечиминен улам пайда болгон.

«Салыкчылар контейнерди биздин мүлк деп эсептеп жатышат, бирок документтер боюнча алар базарга тиешелүү, демек алар бизге бекитилип берилген эмес. Чындыгында ал биздин жумуш ордубуз гана», — деди ишкер Азамат Мамметов Kloop.kgге берген маегинде.

Соода комитетинин төрайымынын айтымында, азырынча салык кызматынын өкүлдөрү салык албай эле, бирок соодагерлерди акча төлөөгө мажбурлоого аракет кылып жатышат.

«Алар экинчи кабаттарга тийбейбиз деп убада берип жатышат, бирок базарга келип салык төлөөбүздү талап кылып, үйгө телефон чалып айып төлөөбүз керектигин айтып коркутуп жатышат», — дейт Дөлөталиев.

Салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жаныкулов Kloop.kgге берген маегинде алар бул маселени базардын жетекчилери менен талкууга ала тургандыктарын айтты.

«Биз «Дордой» базарындагы ишкерлердин бир бөлүгү мүлктүк салык төлөөгө каршы экендиги тууралуу кабардарбыз. [...] Бүгүн же эртең базардын жетекчилери менен профсоздан кишилерди чогултабыз. Биз бул маселени чечебиз, бирок мүлктүк салыкты Жогорку Кеңеш гана жокко чыгара алат», — деди Жаныкулов.

Автор: Клара Абдукова

Редактор: Нуржамал Жаныбекова