Кыргызстан Өзбекстандан өз өлкөсүнүн негизги аймагына өтүү үчүн Барак кыргыз анклавынын жашоочуларына салыксыз өтмөк ачууну өтүндү. Анклавдын айланасындагы көзөмөл өтмөк пунктары Кыргызстандын аймагында жайгашкан өзбек анклавынын жанында болгон кагылыштан кийин жарым-жартылай жабылган.
Өзбекстанга Кыргызстандын Чек ара кызматы Барак кыргыз анклавынын жашоочулары колдонгон жалгыз көзөмөл пунктунан өткөнү үчүн анклавдын тургундарынан салык албоону сунуштады.
Өзбекстан азырынча кыргыз кесиптештеринин бул сунушуна эч кандай жооп кайтара элек. Kloop.kgнин кабарчылары Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү менен байланыша алышкан жок.
Өзбекстандын Андижан облусу менен курчалган Барак кыргыз анклавынын жашоочулары Кыргызстанга «Дустлик-автодорожный» пункту аркылуу гана өтө алышат, калган пункттар 2013-жылдын январында болгон Сох өзбек анклавындагы кагылыштан бери жабык.
Кыргызстандын чек ара мекемесинин билдиргени боюнча, Барактын жашоочулары Өзбекстандын бажы кызматы тарабынан алына турган салыктардан улам ал көзөмөл пункту менен «толук өлчөмдө» колдоно алышпайт.
«Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан «Дустлик-автодорожный» пункту аркылуу мамлекеттик чек арадан өткөн Барак айылынын жашоочуларын салыктан бошотуу жөнүндөгү маселе чечиле элек», — деп жазылган мекеменин таркаткан пресс-релизинде.
Мындан сырткары Кыргызстан Өзбекстандан Барактын жашоочулары үчүн «Акташ» көзөмөл өткөрмө пунктун ачууну өтүнүп жатат – буга чейин ал айылдын тургундары өзбек бажысы менен чек ара кызматы тарабынан жөнөкөйлөтүлгөн текшерүүдөн өтүп келишкен.
Азырынча Кыргызстандын Чек ара кызматы менен Өзбекстан «Акташ» пункту Барактын жашоочулары үчүн «шашылыш» учурларда гана ачык болоору тууралуу макулдашышты.
Сохтогу жаңжал
Кыргыз-өзбек чек арасындагы көйгөй Кыргызстандын аймагы менен курчалган Сох өзбек анклавындагы жаңжалдан кийин күчөгөн.
6-январда анын чек арасында Хушьяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосунда кагылыш башталган.
Жаңжалдын чыгышына Сох анклавынын жанындагы кыргыз-өзбек чек ара заставасына электр тогун жеткирүүгө Хушяр өзбек айылынын жашоочуларынын нааразы болушу себеп болгон.
Көп өтпөй Хушяр айылынын жашооочулары 30 кыргызстандыкты барымтага алып алышкан.
Алардын 14ү — аялдар менен балдар — ошол эле түнү бошотулган, калган 16 киши Кыргызстанга бир суткадан кийин — 7-январда сүйлөшүүлөрдөн кийин — өзбек укук коргоо органдарынын жардамы менен кайтып келишкен.
Жаңжалдан кийин кайсы бир учурга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара толугу менен жабылган, бирок үстүбүздөгү жылдын январынан баштап бир катар өткөрмө пункттар кайрадан ачыла баштаган.
Автор: Айзирек Алмазбекова