Дем алыш күндөрдүн ортосунда жайгашканына карабастан жума иш күн болот

дары_чек ара, сурот , эс алуу8223

Кыргызстандын бийлиги 22-март майрам жана дем алыш күндөрдүн ортосунда жайгашкандыгына карабастан иш күнү боюнча калаарын ырастады — 21-мартта Кыргызстанда Нооруз жаз майрамы майрамдалат.

Кыргызстанда эгер иш күнү майрамдар менен дем алыш күндөрүнүн ортосунда жайгашкан болсо аны эс алуу күнү катары жарыялоо салты калыптанып калган.

Эрежеге ылайык, мындай учурларда иш күнү өтүп кеткен аптанын же алдыдагы аптанын ишембисине которулчу.

Бирок быйыл бул салт бузулат — кыргызстандыктар Нооруз майрамынан кийин дароо эле — 22-мартта жумушка чыгышат,  андан соң дем алыш күндөрү кайрадан эс алышат — Kloop.kgнин журналисттерине бул маалыматты Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги ырастады.

Эгер бул салт сакталса кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алышмак, ошондой эле быйыл дем алыш күнгө туура келип жаткан 2005-жылдын 24-мартындагы революция күнү майрам катары калтырылганда дүйшөмбү да эс алуу күнү болмок.

Бирок мындай болбойт, анткени Кыргызстанда 24-март 2012-жылдын июлунан бери майрамдык күн деп эсептелбей калган.

Узакка созула турган эс алуу күндөрүнүн болбой калышы боюнча бишкектиктердин пикири ар түрдүү болуп чыкты.

Борбордун Тамара аттуу жашоочусу кошумча эс алуу күндөрүнүн кереги жок деп эсептейт.

«Эгер 21и майрам болсо 22си иш күнү болушу керек. Бизде ансыз деле майрам көп, дем алыш үч күн болбой бир гана күн болуш керек», — дейт Тамара.

Анын пикири менен Бишкек шаарынын тургуну Эльдар макул эмес. Ал бул аптанын жума күнү да эс алууга каршы эмес.

«Албетте, майрамдан кийин дагы бир күн эс алсак сонун болмок», — деди Эльдар.

Автор: Тилек Бейшеналиев