Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы тандап алуу айлампасынын чечүүчү беттешинде Тижикстандан келген атаандашын 1:0 эсебинде жеңип, Азия футбол Конфедерациясынын 2014-жылкы кубогунун финалдык бөлүгүнө өттү.
Тандап алуу айлампасындагы буга чейинки эки беттешиндегидей эле Кыргызстанга тиешелүү болгон жалгыз голдун автору Дэвид Тетте болду.
Ал оюндун 41-мүнөтүндө талаанын сол тарабынан узаткан Маки Кумдун тобун токтотуп, эч кынтыксыз дарбазага туштай алды.
Топ тажик дарбазачысы Алишер Туйчиевдин сол тарабынан өтүп кетти - ал буга чейинки кооптуу абалдарда кынтыксыз аракеттерди көрүп, командасынын мыкты оюнчусу жана оюнду уюштуруучусу деп табылды.
Кыргызстан өз тобунда жүз пайыздык көрсөткүчкө ээ болуу менен биринчи орунга чыгып, Азия футбол Конфедерациясынын 2014-жылы Мальдив аралдарында өтө турган Чакыруу кубогунун финалдык бөлүгүнө өттү.
ФИФАнын рейтингинде бир топ эле жогорку позицияда турган Тажикстандын командасы менен болгон беттеш кооптуу абалдардын саны боюнча Кыргызстандын үстөмдүгүндө өттү.
Биринчилерден болуп топту дарбаза торуна оюндун 13-мүнөтүндө эле Вадим Харченко киргизген, бирок ал маалда кыргызстандыктардын капитаны Руслан Сыдыков оффсайд абалында болгондуктан Сириядан келген калыс голду эсепке алган жок.
Каюмжан Шарипов буга чейинки беттештеринндегидей эле ,өтө активдүү оюн көрсөттү, ал борбордук бөлүктөн бир нече жолу кыйын делинген топторду чыгарып бере алды.
Шарипов 35-мүнөттө Теттеден алган топту атаандашынын коргоочусунун башынан алыс ыргытып Туйчиев менен бетме-бет чыгып кала жаздады, бирок топко тажик дарбазачысы биринчи жетип кармап алды.
Тажикстан курамасы 70-мүнөттөгү эң кооптуу абалын пайдалана алган жок - анда кыргыз коргоочуларынын кетирген катасынан пайдаланып Ибрагим Рабимов дарбазачы Максим Агапов менен бетме-бет чыккан, бирок Агапов чабуулчунун соккусун тосуп койду.
Оюндун акыркы мүнөттөрүндө Тажикстан чабуулун кыйла күчөтүп, Никола Кавазовичтин командасынын дээрлик бардык оюнчулары Кыргызстандын дарбазасы тарапка өттү. Бирок мындай кысым көрсөтүүсүнө карабастан алар түндүк коңшусунун коргонуусун буза алган жок.
Кыргызстан курамасына ошондой эле көп сандаган күйөрмандарынын колдоосу дем берди — Өмүрзаков атындагы стадиондун негизги трибуналарынын дээрлик бардыгы толтура болуп, андагы күйөрмандар беттеш аяктаганга чейин кол чаап, колдоп турушту.
Кошумча берилген убакыттын акыркы мүнөтүндө күйөрмандардын бири милициянын курчоосун жиреп өтүп барып дарбазачы Максим Агаповду кучактады.
Кыргызстан Бишкек шаарында өткөн В тобундагы тандап алуу оюндарынын үчөөндө тең жеңишке жетти. Команда өз дарбазасына бир дагы топ киргиздирбей, Мальдив аралдарында өтө турган мелдешке фавариттердин бири катары барат.
Оюндан кийин Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков күйөрмандарга өз баасын берди:
«Беттеште стадион күйөрмандарга толуп, ага кошулуп умтулуу да чегинен ашып турду — мунун баары биригип ушундай жыйынтык берди деп ойлойм», — деди Дворянков оюндан кийинки маалымат жыйынында.
Тажикстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Никола Кавазович атаандашына тиешелүү баасын берип, өзгөчө биринчи жарым бөлүктө Кыргызстандын үстөмдүгүн мойнуна алды:
«Биринчи жарым бөлүктө оюн талаасында Кыргызстан деген бир гана команда болду», — деди ал.
Бирок Кавазович өзүнүн оюнчуларын да мактады:
«Оюнчулардын бардыгы тең азаматтар, мен алар менен сыймыктанам. Биз бул жерде кыска пас менен жогорку техникалык сапаттагы жакшы футбол көрсөтө алдык деп ойлойм», — деди сербиялык адис.
Бул жеңилүүсүнөн кийин Тажикстан Чакыруу кубогунун финалдык бөлүгүнө өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Чакыруу кубогу — Азиянын эң алсыз курама командаларынын арасында өткөрүлө турган мелдеш. Анын жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтө турган футбол боюнча Азиянын кезектеги биринчилигине барат.
Автор: Бектур Искендер