Сот сегиз айлык тергөөдөн кийин аксылыктын «өкүмсүз жазалангандыгы» боюнча ишти карайт

2013-03-05_rusdram1

Жалал-Абад облусунун Ак-Дөбө айылынын жашоочусу Айткул Арстанбеков 2012-жылдын июлунда айылдаштары тарабынан «сабалган». Алар аны мал уурдаган деп айыптап, «өкүмсүз жазалашкан». Бул боюнча шектүүлөр күнөөлөрүн моюндарына албай эле, жабырлануучу ооруканада дарыланып жатат.

Милиция окуя болгондон 8 ай өткөндөн кийин Арстанбековдун «сабалышы» боюнча тергөө ишин аяктады, иш сотко жиберилди, деп билдирди Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров.

«Сабалган Айткул Арстанбековдун иши сотко эбак эле жиберилген, соттун биринчи жыйыны качан болот мага белгисиз, ал сотко көз каранды», — деди басма сөз катчы.

Аттокуров тергөөнүн созулуп кетишин иш боюнча берген тараптардын көрсөтмөлөрүндөгү айырмачылыктар менен түшүндүрдү.

«Арстанбеков аны катуу сабагандыктарын айтып, далилдөөгө аракет кылып жатат, ал эми айыпталып жаткандар муну моюндарына албай эле. Ошондуктан бул убакыттын ичинде тергөө бардыгын майда-чүйдөсүнө чейин изилдеди», — деп түшүндүрдү ал.

«Адилеттүүлүк» укук коргоо уюмунун юристи Сардор Абдухалиловдун пикиринде, тергөө иши бул иш менен алектенген милиция кызматкери Замир Кулуновдун айынан узакка созулуп кеткен.

«Ал ынтасыз иштеп, аталган ишти ыкчам ачып бере алган жок, беттештирүү, күбөлөрдү суракка алуу сыяктуу тергөө иш-чараларын өз учурунда өткөргөн эмес», — деп эсептейт Абдухалилов.

Ал Арстанбековдун иши үч жолу жабылып кайрадан үч жолу калыбына келтирилгендигин кошумчалады.

«Ал түрдүү себептер менен үч жолу токтотулган, ошондой эле үч жолу кайрадан калыбына келтирилген. Иш сегиз айдан бери сотко жетпей жатат. Биринчи жыйын апрелде өтүшү мүмкүн», — деп үмүттөнүүдө юрист.

Тергөөчү Кулчунов комментарий берүүдөн баш тартып койду.

Арстанбеков учурда Бишкекте жайгашкан Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгынын алдындагы ден соолукту чыңдоо биримдигинде дарыланып жатат. Анын айтымында, дарыланууга 30 миң сом (650 АКШ доллары) каражат жумшалган.

Арстанбеков ага арызын кайтарып алышы үчүн акча сунуштагандыктарын, бирок ал макул болбой койгондугун айтып жатат.

«Мени сабагандар менен соттошом, ачык сот процесси болсун. Мен айылдаштарымдын кээ бирлери дагы деле ойлоп жүрүшкөндөй мал ууру эмесмин, ошондуктан өзүмдүн таза ысымымды кайтаргым келет», — деп билдиришти укук коргоочулар Арстанбековдун айткандарын.

Мал уурулук үчүн өкүмсүз жазалоо

Өткөн жылдын 16-июлунда Ак-Дөбө айылынын бир нече жашоочусу айылдашы Арстанбековду мал уурдаган деген шек менен кармап үч саат бою «сабашкан». Окуя болуп жаткан жерге келген милиция кызматкерлери эч нерсе кылбай жөн гана сырттан байкоо салып турушкан.

Жабырланган адамдын айтканы боюнча, окуя болуп жаткан кезде ал Арстанбеков «сабалып жатканда» четте карап, ага кийлигишпей турган милиция кызматкерлерин көргөн.

Ал кийинчерээк окуяга байкоо салып турган милиция кызматкерлеринин бирөөсүнөн башкасынын бардыгын таанып, көрсөтүп берген.

Кылмыш иши козголгон кезде Жалал-Абад ИИБсинин басма сөз катчысы болуп турган Таалайбек Сусунбаев буга чейин Арстанбековдун айткандарын четке каккан.

«Милицияга тигил жерде мал ууруну кармагандыктары жана өзүлөрү эле өкүмсүз жазалаганы жаткандыктары тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери дароо эле ал жерге барып аны кармашкан. Ал жерде Айткуловдун бир катар жарааттарды алгандыгы аныкталган. Алар аны элден коргоп, РИИБге алып келишкен», — деди Сусунбаев.

Айылдашын «сабаган» деп шектелип жаткандар күнөөлөрүн моюндарына албай эле.

Автор: Евгений Погребняк