Бишкек: 26-марттан баштап жылуулук берүү токтотулат

2013-03-05_rusdram1

Бишкекте абанын орточо температурасы беш күн катары менен 8 градустан төмөн түшпөгөндүктөн борбордун мэриясы шаарга жылуулук берүүнү эртең, 26-мартта токтотууну буйрук кылды.

Бишкектин турак үйлөрүндөгү радиаторлор эртеңден баштап муздап баштайт — мындай чечимди аба ырайына байкоо салуу менен мэрия кабыл алды.

План боюнча, батирлерге жылуулук 1-ноябрдан баштап 31-мартка чейин — 150 күн берилет, деп маалымдады Бишкек мэриясы.

Шаар бийлиги жылуулук берүүнү өткөн жылы да марттын аягында токтоткон, бирок андан кийинки суук күндөрдөн улам жылуулук берүү мөөнөтүн апрель айынын соңуна чейин узартуу коркунучу жаралган.

Анда мэрия эгер абанын температурасы беш күн катары менен беш градустан төмөндөбөсө жылуулук берүү токтотулаарын билдирген.

Негизинен шаардагы жылуулук берүү эки күндүн ичинде толугу менен өчүрүлөт, деп билдирди Бишкектин турак үйлөрүнө жылуулук бөлүштүрө турган муниципалдык «Бишкек жылуулук берүү» ишканасы.

Бишкекке жылуулук берүү 2010-жылы 19-мартта, 2011-жылы 26-мартта токтотулган.

Автор: Зарема Султанбекова