Кызыл күйүп турганда токтобой койгон депутаттык унаанын айдоочусуна айып салынат

2013-03-05_rusdram1

Бишкектин жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы светофор кызыл күйгөндө токтобой өтүп кеткен депутат Эркин Алымбековдун айдоочусуна айып салды — анын жол эрежесин бузгандыгы башка айдоочунун авторегистратору тарабынан тартылып алынган. Депутаттын өзү болсо жаза катары айдоочусунун эмгек айлыгынын жарымын балдар үйүнө которгондугун айтты.

Алымбековдун 0111 KG мамлекеттик номурлуу «Ниссан Армада» үлгүсүндөгү унаасы Бишкектин Тынчтык проспектисинде светофордун кызыл күйүп турганына карабастан өтүп кеткен — интернетте бул учур тартылып алынган видео 21-мартта, Нооруз майрамында пайда болгон.

Бишкектин Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын анализдерди эсепке алуу жана профилактика бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Кундуз Иманбаева Kloop.kgге берген маегинде авторегистраторго тартылып алынган видеодогу унаа «сөзсүз жазалана тургандыгын» билдирди.

Анын айтымында, светофордун кызыл жарыгынан өтүп кеткендиги үчүн Алымбековго 320 сомдук айып төлөөгө туура келет.

«Ал депутаттын айдоочусун кармагандан кийин биз өзүнчө тапшырма беребиз. Биз ага сөзсүз түрдө административдик айып салабыз», — деди Иманбаева Kloop.kgге берген маегинде.

«Ата Мекен» фракциясынан депутат Алымбеков Kloop.kgге берген маегинде 0111 KG мамлекеттик номурундагы унаа чын эле ага тиешелүү экенин ырастады.

Ал административдик тартип бузуу учурунда унаада болбогондугун айтты.

Депутат анын айдоочусу жол эрежесин бузгандыгын мойнуна алды.

«Мен өз кызматкерлериме үлгүлүү, маданияттуу жана сылык болгула, мыйзамды сактагыла деп ар дайым эскертип келем. Анткени биздин ар бир кыймылыбыз көрүнүп турат, алар парламент менен депутаттын имиджинин бир бөлүгү болуп эсептелишет да», — деди Алымбеков окуя боюнча айтып жатып.

Ал Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынан айдоочусунун айлыгынан беш миң сом кармап калып, балдар үйүнө которуп берүүсүн өтүнгөндүгүн айтты.

Бул Алымбековдун айдоочусу тарабынан жол эрежесинин биринчи жолу бузулушу эмес — 2011-жылдын августунда blive.kg видеопорталында унаа мыйзамсыз токтотулгандыгы тартылып алынган видео жайгаштырылган.

Автор: Азат Рузиев