Революция-2010: Жабырлангандар башка чатырлардан да ок атуулар болгондугун билдирип жатышат

2013-03-05_rusdram1

2010-жылдагы революция боюнча өтүп жаткан соттун жыйынында жабырлануучулардын бири 7-апрель күнү ок Ак үй тараптан гана эмес, түштүгүрөөктө жайгашкан Башкы прокуратура менен «Илбирс» фабрикасынын имараттары жактан да атылгандыгын билдирди.

Сотто революция күнү чыканагына ок тийген Нурсултан Какенов президент Курманбек Бакиевге каршы чыккан адамдар «Илбирс» фабрикасы менен Башкы прокуратуранын имараттары тараптан атылган октордон да кулагандыктарын көргөн.

«Арт жагынан ок тийген кишинин бети Ак үйдү карап турган, ок тийгенде ал бети менен жерге кулап түшкөн», – деп билдирди жабырлануучу сот жыйынында.

Какенов дагы президент Бакиевге каршы чыгуулар мамлекеттик төңкөрүшкө айланып кеткен 2010-жылдын 7-апрелинде ооруканга жаткырылган — учурда ал күн Кыргызстанда расмий «элдик революция күнү» деп аталат.

Ал окуялар боюнча соттун бүгүнкү жыйынында көрсөтмө берген үч жабырлануучу тең Ак үй тараптан ок атуулар болгондугун дагы бир жолу ырасташты — революция болгон учурда ал имаратта президент менен өкмөттүн аппараты орун алган.

2010-жылдагы революция боюнча өтүп жаткан сотто бардык жабырлануучулар Ак үй тараптан ок атуулар болгондугун айтып жатышат, ал эми башка тарап — негизинен ал учурда өкмөт үйүн кайтарган атайын багыттагы «Альфа» бөлүгүнүн кызматкерлери — аларга ок чыгарбоо буйругу берилгенин билдиришүүдө.

Сотто «альфачылар» менен Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери БТРдин гана дөңгөлөгүнө аткандыктарын мойундарына алышты.

Революция боюнча соттун буга чейинки жыйыны Ак үйдүн чатырында өткөн. Анда процесстин катышуучулары имараттын чатырынын ар кайсы жеринен ок атуунун мумкүндүктөрүн аныктоого аракет кылышкан.

Эксперттер тыянак чыгара электигине байланыштуу азырынча парламент имаратынын чатырында өткөн ал жыйындын жыйынтыктары даяр эмес. Ал апрелдин башында жарыяланат.

Автор: Айзирек Алмазбекова

Редактор: Нуржамал Жаныбекова