Бишкек: Токомбаев көчөсү тарыхта биринчи жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат

2013-03-05_rusdram1

Расмий эмес «Жаңы жол» деп аталган Аалы Токомбаев атындагы көчө дээрлик 30 жылдык тарыхында биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Анын начар абалы шаар бийлигине карата айтылган сындардын негизгилеринин бири болуп келген.

Токомбаев көчөсүнүн тилкелеринин бириндеги кыймыл 25-март күнү кечинде, болжол менен саат 19:00дордо жабылды.

Азыркы учурда көчөнүн жарымы - Байтик баатыр (Советский) көчөсүнөн «Асанбай» кичи районуна чейин жабык.

Токомбаев көчөсү дарактар жана гүлдөр менен ортосунан бөлүнгөн эки жүрүүгө жарактуу бөлүктөн турат. Учурда оңдоодон өтүп жаткан аймактагы унаалар анын бир гана бөлүгү аркылуу өтүп жатышат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева Жаңы жол качан оңдолуп бүтөөрүн билбестигин, бирок болжолдуу мөөнөтү — 2013-жылдын күз айларына чейин белгиленгендигин билдирди.

Оңдоо иштери үчүн жооп бере турган Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты.

Дээрлик 30 жылдан бери оңдолгон эмес

Токомбаев көчөсүнүн абалы бишкектиктердин нааразычылыгын биринчи жолу жаратпай эле
Токомбаев көчөсүнүн абалы бишкектиктердин нааразычылыгын биринчи жолу жаратпай эле

«Жаңы жол» — калк жыш жайгашкан кичи райондор менен шаардын борборун байланыштырып турган Бишкектин түштүк тарабындагы негизги жолдордун бири.

Бирок ал өткөн кылымдын 80-жылдарында курулгандыгына карабастан бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Шаар бийлиги буга чейин жолдун чуңкурларын гана бүтөө менен чектелген.

Бирок эреже катары жер кыртышынын бузулушунан улам дал ошол оңдолгон чуңкурлардын айланасында жаңы, андан тереңирээк жарылуулар пайда болуп келген.

«Жаңы жолдун» эң көйгөйлүү аймагы катары шаар бийлиги оңдоп баштаган батыш тарабы эсептелинет.

Эки жылдан бери кийинкиге жылдырылып келген

Токомбаев көчөсү Бишкектин түштүк кичи райондору менен шаардын борбордук бөлүгүн байланыштырып турат.
Токомбаев көчөсү Бишкектин түштүк кичи райондору менен шаардын борбордук бөлүгүн байланыштырып турат.

Капиталдык курулуш башкармалыгы Токомбаев көчөсүн 2011-жылдан бери оңдой тургандыгын айтып, убада берип келген, бирок оңдоо иштери эки жылдан бери кийинкиге жылдырылып келген.

Жыйынтыгында, 2013-жылдын башталышында жолдун сапаты кризистик абалга жеткен, ал эми «Жаңы жолду» оңдоо маселеси Бишкек шаардык кеңешинин имаратында да, анын сыртында да шаар мэри Иса Өмүркуловду сындагандар тарабынан активдүү колдонула баштаган.

Бишкектин активисттери февраль айында «Чуңкурларды белгилеп, позитив жарат» деген аталыштагы флэшмоб-иш-чара уюштурушкан, анын жүрүшүндө Токомбаев көчөсүндөгү чуңкурларды боек менен боеп белгилешкен.

Ал акциянын уюштуруучуларынын бири Айбек Баратов Токомбаев көчөсүн «мурда эле оңдош керек болчу» дейт.

«Анткени ал өтө начар, үрөй учурган абалда, ал жол аркылуу өтүүгө мүмкүн эмес», — деп эсептейт Баратов.

Бирок ал жолду оңдоо боюнча тендерлердин «ачык эмес» өткөрүлгөндүгүнө нааразы.

Автор: Бектур Искендер

Негизги сүрөттүн автору: Эльдос Казыбеков