Депутаттар мамлекеттик каражатты өзүнө алып алган деп айыпталып жаткан кесиптешинин кол тийбестигин сактап калышты

obdun

Парламенттик комиссия депутат Элмурат Обдуновдун дарегине айтылган Башкы прокуратуранын айыптоолорун «негизсиз» деп тапты — «Республика» фракциясынан эл өкүлү Ош мамлекеттик университетинин бухгалтери болуп турган кезде ири суммадагы каражатты өзүнө алып алган деп шектелип жатат.

Комиссия мүчөсү, «Республика» фракциясынан эл өкүлү Абдыжапар Бекматов Kloop.kgге берген маегинде депутаттар Обдуновго каршы кылмыш ишинин козголушуна макулдуктарын бербегендиктерин айтты.

Жалпысынан, бул маселени карап чыгуу менен алектенген комиссия беш депутаттан турат — анын курамына парламенттеги беш фракциядан бирден депутат кирген.

«Комиссиянын корутундусунда Башкы прокуратуранын жүйөдалилдеринин негизделбегендиги жазылган. Ошондой эле комиссия Обдуновдун кылмыш жоопкерчилигине тартылуусуна макулдук берүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептей тургандыгы айтылган», — деди депутат Бекматов.

Ал комиссия корутундуга 27-мартта кол коерун, ал эми парламенттин жалпы сессиясында бул маселе 28-мартта каралышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

«Менин билишимче, комиссиянын төрт мүчөсү кол койгон, ал эми бир депутат болсо иш сапары менен кеткен, бирок мен так билбейм. Мага эртең менен бир киши калгандыгын [кол коюу үчүн] билдиришти», — деди Бекматов.

Обдунов 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинин башкы бухгалтери болуп турганда 130 миң сомдон ашык каражатты өзүнө алып алган деп айыпталып жатат.

Башкы прокуратура анын кол тийбестигин алууну парламенттен өткөн жылдын ноябрында эле өтүнгөн.

«Ал контрактык негизде окуп, окуудан чыгарылган студенттерге акча каражаттарын кайтарып берүү жөнүндөгү документтерди жасалма кылып, көрсөтүлгөн каражатты өзүнө алып алган», — деди башкы прокурордун орун басары Уланбек Халдаров Kloop.kgге берген маегинде.

Мындан сырткары Обдунов 2006-жылы да ОшМУнун окуудан чыгарылган 22 студентине 265 миң сомду кайтарып берүүдө мыйзам бузган деп айыпталып жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, депутаттын бул болжолдуу аракеттеринен улам келтирилген чыгымдын жалпы көлөмү 400 миң сомдон ашык каражатты түзгөн.

Обдуновго каршы Кылмыш кодексинин 171чи («ишенип берилген каражатты өзүнө алып алуу же коротуу»), 304чү («мамлекеттик көзөмөлдөө органынын жетекчи адамы тараптан мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүү») жана 315чи («кызматтык жасалмалоо») беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Айыпталып жаткан депутат менен бул маселени кароо боюнча тузүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болуп жатышат.

Автор: Азат Рузиев