ИИМ кыйноолорго тиешеси бар милиция кызматкерлеринин «кара тизмесин» түзүүгө каршы

obdun

Укук коргоочулар Кыргызстандын аймагында качандыр бир убакта кыйноого алган деп айыпталган милиция кызматкерлеринин маалыматтык базасын түзүүнү пландап жатышат. ИИМдин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү бул демилгени колдоп жатышат, бирок мекеменин өзү каршы болууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде андай тизме түзүүгө укук коргоочулардын укуктары жок экенин билдирди.

Анын айтымында, укук коргоочулар «кара тизмеси» менен жазыксыздык жоромолун бузушат.

«Милиция кызматкеринин кыйноолорго тиешеси барбы-жокпу аны сот гана аныктайт. Акыркы жылдары кыйноолор үчүн бир дагы укук коргоо органдарынын кызматкери кылмыш жообуна тартылган эмес», — деди Абдраимов.

Укук коргоочулар милиция кызматкерлеринин «кара тизмесин» түзүү чечимин февралдын аягында, кыйноолорго каршы өткөн жыйында кабыл алышкан.

«Эркиндик үнү» коомдук фондунун башчысы Сардар Багишбеков Kloop.kgге берген маегинде аталган тизмени түзүүдө алар жазыксыздык жоромолун бузбай тургандыктарын айтты.

«Бардыгы жазыксыздык жоромолуна ылайык болот, сотко эч кандай басым жасалбайт. Ал кыйноолор боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган кызматкерлерге байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган маалымат базасы болот», —- деп түшүндүрдү укук коргоочу.

Багишбеков тизмени түзүүдө алар прокуратуранын токтомдоруна таяна тургандыктарын айтты.

Ал түшүндүргөндөй, кийин бул маалымат базасы өз ичине камалган милиция кызматкерлеринин тизмесин да камтып калат.

ИИМдин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары Азиза Абдирасулова укук коргоочулардын бул демилгесин колдойт.

«Милицияны мурда эле “тазалаш керек” болчу. Бирок милиция кызматкерлеринин баары эле жаман эмес, анда жакшы адамдар да көп. Өз жумушун сүйгөн, сыйлаган адамдар бар», — деди укук коргоочу Kloop.kgге берген маегинде.

Анын пикири менен Коомдук байкоочу кеңештин башка мүчөсү Жоодар Бавланкулов да макул.

«Мындай тизмени мурда эле түзүш керек болчу, бул алардын ишин жакшыртмак. Тизме ИИМге керек. Мындай тизме коргоо комитетинде да болушу зарыл», — дейт ал.

Автор: Мария Гребнева