Омск шаарындагы дүкөн азиаттардын кирүүсүнө тыюу салгандыгы тууралуу маалыматты четке кагууда

2013-03-05_rusdram1

Омск шаарындагы «Триумф» дүкөнүнүн жетекчилиги ал жакка азиаттардын кирүүсүнө тыюу салынгандыгы тууралуу «Азаттык» радиосунун сайтына басылып чыккан маалыматтарды четке кагып жатат. Орусиянын аталган шаарындагы өзбек мигранты аны келбетине карап дүкөнгө кирүүсүнө уруксат бербей койгондуктарын айтып, далилдөөгө аракет кылууда.

Омск шаарындагы аталган дүкөндүн күзөт кызматынын башчысы Владимир Смоль Kloop.kgге берген маегинде дүкөнгө «европеид эмес келбеттеги улуттун өкүлдөрүнүн» кирүүсүнө тыюу салуу болбогондугун билдирди.

Алгач бул тууралуу маалыматты «Азаттык» («Озодлик») радиосунун өзбек кызматы Өзбекстандан барган мигрант Дильшод Ориновго шилтеме жасап билдирген.

«Озодликтин редакциясына телефон чалган өзбек мигранттары билдиришкендей, дүкөнгө Борбордук Азиядан баргандардын бардыгын, келбети боюнча шаардын негизги тургундарына окшобогондорду киргизбей жатышат», — деп жазылган «Азаттыктын» 22-мартта жарыяланган макаласында.

«Азаттык» анда күзөтчүлөргө шилтеме жасап, дүкөнгө азиаттарды жетекчилигинин буйругу боюнча киргизбей жаткандыктарын билдирген.

Бирок «Триумф» мындай маалыматтарды толугу менен четке кагып жатат.

«Бул калп, анткени бизде иштегендердин 50 пайызы азиаттар. Эгер кардар нормалдуу абалда — мас эмес, жакшы кийинип келсе — албетте биз аны киргизебиз. Биз ар бир келген сатып алуу үчүн кубанычтабыз», — деди Смоль.

Kloop.kgнин кабарчылары аны аталган дүкөнгө келбети азиатка окшогондугу үчүн киргизбей жаткандыгын дагы бир жолу ырастап берген Оринов менен байланышышты.

Мигранттын айтымында, ал достору менен бирге аталган дүкөнгө кирүүгө аракет кылган, бирок кузөтчү эч нерсе түшүндүрбөстөн эле аларга кирүүгө уруксат бербей койгон.

Башка европеоид расасындагы адамдар жөн гана кирип-чыгып жүргөндүктөн ал аларды «азиатка окшогон келбетине» карап киргизбей койгон деп божомолдоп жатат.

«Жанымда менден башка бир нече орус улутундагы кишилер турган, алар жөн гана кирип кетишти. Анан мен: «Эмне, орустардан башкаларды дүкөнгө киргизүүгө уруксат жокпу?», деп сурадым, анткени мен өтө ыза болдум. А күзөттө турган адам болсо эч нерсе деп жооп берген жок» — деп даттанды Оринов.

Ориновдун айтымында, күзөтчү аны дүкөнгө киргизбей койгондугунун себебин тап-такыр түшүндүргөн эмес жана жетекчисин чакыруудан баш тартып койгон.

Омск — Борбордук Азияга жакын жайгашкан Орусиянын ири шаарларынын бири — ал Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан барган иммигранттардын көптүгү менен белгилүү.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Сүрөттүн автору: Елена Скочило