Орто-Токой суу сактагычындагы иш таштоо жумушчулардын айлыктарынын жогорулашы менен аяктады

Snimok-e-krana-ot-2012-10-18-121946

Бир жумалык иш таштоодон кийин Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой суу сактагычынын жумушчуларынын эмгек акысы 50 пайызга жогорулатылды, деп жазылган өкмөттүн сайтында. Орто-Токой айылынын башчысы маяна эки эсеге жогорулагандыгын айтып жатат.

Суу сактагычтын жанындагы Орто-Токой айылынын башчысы Ардакбек Кадыркулов Kloop.kgге берген маегинде жумушчулардын иш таштоосу кечээ, 25-мартта токтогондугун билдирди.

«Бүттү, эмгек акылары 100 пайызга жогорулады», — деди ал.

Анын айтымында, эгер буга чейин суу сактагычтын жумушчулары айына 1700 сом алып келишсе, эми алардын айлык маяналары 4000 сомго чейин жогорулайт.

Бирок Кыргызстандын өкмөтүнүн сайтында жумушчулардын эмгек акылары 50 пайызга гана жогорулай тургандыгы жазылган.

«Орто-Токой суу сактагычынын жумушчуларынын талаптарын орундатуу боюнча аракеттер көрүлдү. Бирок буга карабастан алар айлык маяналарынын 50% көтөрүлгөндүгүнө макул болушпастан 100 пайызга көтөрүүнү талап кылып жатышат», — деп жазылган сайтта.

Жумушчулардын иш таштоосу 18-мартта башталып, бир аптага созулду.

Ысык-Көл облусунун батышында жайгашкан Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстандагы негизги суу сактагычтардын бири болуп саналат — ал батышында орун алган Чүй облусундагы айдоо аянттарын сугаруу үчүн пайдаланылат.

Автор: Зарема Султанбекова