Техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Орус драмалык театрдын имаратына жанаша «мыйзамсыз» жайгаштырылган оюн-зоок жайларды жабуу талабы менен протокол жиберди. Алардын арасында «Барсук» бары, «40х40» караокеси жана «Старый Эдгар» кафелери бар. Бийликтегилердин пикири боюнча, аталган жайлар өрт коопсуздугунун техникасын бузат.
22-мартта инспекция Орус драмалык театрдын имаратында жайгашкан оюн-зоок жайларын жабуу талабы менен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна протокол жиберген, деп билдиришти Техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан Kloop.kgге.
«Анын айланасындагылардын бардыгы мыйзамсыз, караоке дагы, чыгыш тарабындагылар да батыш тарабындагылар да — бүт баары мыйзамсыз[...] “Старый Эдгар” да мыйзамсыз жайгаштырылган», — деди Техникалык жана экологиялык коопсуздук башкармалыгынын Бишкек шаарындагы бөлүмүнүн башкы адиси Тынай Нургазиев.
Инспекция театрга улай салынган курулуштар өрттүн чыгуу коркунучун жаратат жана өрт коопсуздугуна жооп бербейт деп эсептейт — адис 18-декабрды болгон театрдагы өрттү эске салып, анда да кафелер менен барлар өрт өчүрүүчүлөргө тоскоолдук жараткандыктарын айтты.
Нургазиев театрдын директору документтерге инспекциянын жумушчуларын жолотпой, текшерүүлөргө тоскоолдук кылып жаткандыгын кошумчалады.
Театрдын имаратынын батыш тарабында жайгашкан «Барсук» оюн-зоок жайынын администратору мамлекеттик инспекциянын талаптары боюнча талашып, соттошууга чейин барууга даяр экендиктерин айтты.
Азырынча бул боюнча «Старый Эдгар» менен «40х40» караоке-бардын администрациясы эч кандай комментарий бере элек.
Бийликтегилер акыркы айдын ичинде эле Орус драмалык театрдагы мыйзам бузууларга экинчи жолу көңүл буруп жатышат — буга чейин мэрия театрдын имаратындагы көрнөк жазууларды алган - анда борбордун бийлиги бул аракетин андагы жазуулар кыргыз тилине которулбагандыгы менен түшүндүргөн.
Театрдын директору Борис Воробьев аны кызматтан алууну көздөп жатышат деп божомолдоодо.
«Мени директорлуктан кетиргенден кийин көрөсүңөр — спектаклдердин бардыгын алып салышат, Орус драмалык театры спектакли жок калат, үнү жок, жарыгы жок жөн гана кооз имарат калат», — деген Воробьев март айынын башында.
Автор: Зарема Султанбекова