Бишкектин райондор аралык соту «доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына» байланыштуу «Фергана.ру» сайтынын тосмолонушунун мыйзамдуулугу боюнча өтүп жаткан сот процессин токтотту. Маалыматтык сайттын жактоочусу чечим боюнча шаардык сотко доо арыз менен кайрылууга даярданып жатат.
Соттон процессти токтотууну Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлдөрү өтүнүшкөн, деп жазган «Фергана.ру» сайтынын кабарчысы Екатерина Иващенко өзүнүн «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.
«Укуктук жактан алганда бул чечимдин мыйзамсыздыгы шексиз, биз чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылабыз», — деди журналист сотто сайттын кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочу Нурбек Токтакуновдун айткандарын кайталап.
Kloop.kg Токтакуновдун өзү менен байланыша алган жок.
«Фергана.ру» Мамлекеттик байланыш агенттигин 2012-жылдын ноябрында сотко берген — жактоочу Токтакуновдун пикиринде, анда бийлик тараптан мыйзам бузулган. Анткени ал сайт 2012-жылдын февралындагыдай болуп таркатуучуларга көрсөтмө берүү жолу менен эмес, сот аркылуу тосмолошу керек болчу деп эсептейт.
Бабанов [Өмүрбек Бабанов — ал кездеги Кыргызстандын премьер-министри] аларга өтө амалдуу кат жазган. Ал “Жогорку Кеңештин токтомунун 30 пунктунун аткарылышы жөнүндөгү маселени карап чыккыла” деп жазган, тактап айтканда, ал аны аткаргыла деп көрсөтмө берген эмес, маселенин аткарылышын карап чыккыла деген», — деп билдирген соттун буга чейинки жыйынында Токтакунов.
«Фергана.рунун» тосмолонушу
«Фергана.ру» жаңылыктар сайтын тосмолоо демилгеси 2011-жылдын июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган — анда депутаттар 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык чыр-чатак жөнүндөгү сайтка жарыяланган комментарийди «улуттар аралык араздашууну тутандырып жатат» деп табышкан.
Анда алар парламенттин бул чечимин «мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо» менен түшүндүрүшкөн.
«Өлкөдөгү улуттар аралык чыр-чатакты тутандырып жаткандар мындай порталдардын кызматтары менен колдонуп, чындыкка дал келбеген, бир тараптын кызыкчылыгын көздөгөн маалыматтарды жайгыштырышы мүмкүн», — деп билдирген анда 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылыш боюнча парламенттик комиссиянын төрагасы, депутат Токон Мамытов.
Бирок Мамлекеттик байланыш агенттиги парламенттин токтомунун негизинде жазылган буйрукту интернет таркатуучуларга дээрлик бир жылдан кийин, 2012-жылдын февраль айында гана жөнөткөн.
Токтомду алгачкылардан болуп өлкөдөгү ири телекоммуникациялык корпорация болуп эсептелген «Кыргызтелеком» аткарып баштаган.
«Фергана.ру» сайтынын редакциясы улуттар аралык чыр-чатакты тутандыруу боюнча дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын дайыма четке кагып келген жана жооп катары веб-сайттын Кыргызстандын аймагында тосмолонгондугуна байланыштуу агенттиктин материалдарынын бардыгы алардын «Фэйсбуктагы» расмий баракчасына жарыяланып тураарын билдирип, окурмандарын тосмолоодон айланып өтүп онлайн каражаттар менен колдонууга чакырган.
Автор: Зарема Султанбекова