Кыргызстандын президенти Жалал-Абадда митинг өткөрүп жаткан«Ата-Журт» партиясынын тарапташтары менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Атамбаев оппозициялык партиянын үч лидеринин иши боюнча сотко эч кандай басым жасабай тургадыгын билдирди.
Ар түрдүү маалыматтар боюнча, президент Алмазбек Атамбаев «Ата-Журт» партиясынын 500дөн 1500гө чейинки тарапташы менен жолукту.
Өлкө башчысы өткөн жылы бийликти басып алууга аракет кылышкан деп айыпталып жаткан партиянын үч лидеринин иши боюнча чыгара турган соттун чечимине эч кандай таасир эте албастыгын билдирди.
«Силер акталышсын деп атасыздар. Бирок ал соттун чечими болот да, сотко басым жасай албайм. Мен мыйзамды бузбайм», — деп жазган «КирТАГ» маалымат агенттиги Атамбаевдин айткандарын.
Күбөлөрдүн билдиргендери боюнча, президенттин митинг катышуучулары менен болгон жолугушуусу 20-30 мүнөткө созулган.
Атамбаев менен болгон жолугушуусунан кийин митингдеги «ата-журтчулардын» өкүлү Kloop.kgге берген маегинде оппозиция Жалал-Абаддагы нааразычылык акцияларын уланта тургандыгын билдирди.
Ошондой эле депутаттар - Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдордун ишинин каралышы күтүлүп жаткан Бишкекте да митингдердин болушу күтүлүп жатат.
«Эртең, сааат 10до кайрадан митинг башталат. Биз эч кимди чакырбай элебиз, бирок миңдей адамдын келишин күтүп жатабыз. Бишкекте митинг Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында болот», — деди митинг уюштуруучуларынын бири Медер Үсөнов Kloop.kgге берген маегинде.
Президенттин аппаратынын басма сөз катчысы Алмаз Үсөнов өлкө башчысынын Жалал-Абадка болгон иш сапарынын негизги максаты Ала-Бука районундагы аскер бөлүгүн ачуу салтанатына катышуу болгондугун айтты.
Ташиев, Жапаров жана Мамытовдор өткөн жылдын октябрында Бишкекте өткөн митингдин жүрүшүндө «бийликти басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталышууда. Саясатчылардын өзүлөрү болсо даректерине карата айтылган айыптоолорду четке кагып жатышат.
Автор: Азат Рузиев