Максим Бакиевди 25 жылга эркинен ажыратуу боюнча сырттан өкүм чыгарылды

obdun

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку президент Курмабек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратты.

26-мартта сот Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин мурунку башчысы Максим Бакиевди Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча күнөлүү деп тапты:

  • 30-берене — кылмышка катышуу;
  • 303-берене — коррупция;
  • 306-берене — Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту Максимдин үй-мүлкүн конфискациялоо менен 3 жылга чейин мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратты.

Максим Бакиев «Түндүк электр» ишканасын сатуу менен мамлекетке 133 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү мүлктүк зыян келтирүүгө күнөлүү деп табылды.

Башкы прокуратуранын билдирүүсү боюнча, Максим Бакиевдин башка кылмыштарынын арасында Ысык-Көл облусундагы жер тилкелеринин айланасындагы алдамчылык кылуулары да бар.

«Максим Бакиев атасынын таасири менен пайдаланып Мамлекеттик мүлк башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык жетекчисине белгиленген жер тилкесин [пансионаттын аймагындагы 9 гектардан ашык жерди] ишенимдүү өкүлү - "Витязь" пансионатынын директорунун атына менчиктештирүү боюнча оозеки көрсөтмө берген» , — деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча, аталган бүтүмдүн жыйынтыгында мамлекетке 123 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Башкы прокуратура бул өкүмдүн негизинде мурунку президенттин уулу 2010-жылдын жай айларынан бери жашап жаткан Улуу Британиядан Максим Бакиевди өткөрүп берүүсүн талап кылууну көздөп жатат.

Башкы көзөмөлдөөчү орган Максим Бакиевге каршы кылмыш ишин анын атасын бийликтен кетирген 2010-жылдын 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин козгогон.

2010-жылдын май айында ал Интерполдун изи боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган — 2010-жылдын 14-июнунда ал «Фарнборо» аэропортуна ижарага алган жеке учагы менен келип конгондо Чек ара агенттиги тарабынан кармалган.

Кийинчерээк ал өмүрү үчүн чочулап Улуу Британиядан саясий башпаанек сураган - мындан кийин мурунку президенттин уулуна Улуу Британиянын аймагында убактылуу жашап турууга уруксат берилген.

Максим Бакиевди өткөн жылдын декабрында АКШнын өтүнүчү менен Лондон полициясы камакка алган. Учурда Лондондун арбитраждык соту анын Кошмо Штаттарындагы каржылык алдамчылыктары боюнча кылмыш ишин карап жатат. Сот жообуна тартылып жаткан Максим болсо азыр белгиленген аймактан чыкпоо баш коргоо чарасы менен Улуу Британияда жашап жатат.

Автор: Азат Рузиев