Профсоюз: «Кыргызтелеком» насыясын төлөй албай кытай компаниясынын менчигине өтүп кетиши мүмкүн

obduтелекомn

Телекоммуникациялык алп 34 млн. доллар өлчөмүндөгү насыянын шартын аткара албай Кытай компаниясынын менчигине өтүп кетиши мүмкүн, деп билдирди «Кыргызтелекомдун» алдындагы профсоюздун төрагасы. Компания бул маалыматты четке кагып жатат.

Кытай өнүктүрүү банкы «Кыргызтелекомго» 34 миллион доллар өлчөмүндөгү насыя бөлүп берген, ага кытай телекоммуникациялык гиганты «Хуавей» кепил болду — бул тууралуу журналисттерге«Кыргызтелекомдун» алдындагы Теле жана радио берүүлөрдүн радиореле магистралдарын өндүрүү боюнча республикалык бирикмесинин профсоюзунун төрагасы Жеңиш Осмонкулов билдирди.

Осмонкуловдун айтымында, жогоруда айтылган суммадагы каражат бүгүнкү күндө эл аралык нормаларга жооп бербеген Ош-Эркештам Волокон-оптикалык байланыш линияларынын (ВОЛС) тартылышы үчүн бөлүнүп берилген.

«Линия жакында эле сапаттык параметрлер жана ашташкан жерлери боюнча өткөрүлгөн тестирлөөдөн өтпөй калган, алар эл аралык нормаларга туура келбейт деп табылган. Бул автоматтык түрдө каражат бекер коротулган деген коркунуч жаратат. […] Насыяны төлөө үчүн бул долбоор пайда алып келиши керек», — дейт Осмонкулов.

Ал эгер Волокон-оптикалык байланыш линияларын тартуу сапатсыз болуп калса «Кыргызтелекомдун» бардык мүлкү «Хуавейдин» карамагына өтүп кетет деп болжолдоп жатат.

Осмонкулов мындай жыйынтыкка «Кыргызтелекомдун» коммерциялык директору Акыл Түгөлбаевдин 13-мартта КТРКнын эфириндеги билдирүүсүнөн кийин келген - анда Түгөлбаев насыя алууда кытай компаниясы «кепил» боло тургандыгы айткан.

«Кандай максат менен жеке компания “Кыргызтелекомдун” мынчалык чоң суммадагы насыялык милдеттенмесин алып жатат? Дал ушул ачык эмес формулировка чоң коркунуч туудуруп жатат», — деди профсоюздун төрагасы.

Ал «пайдасыз» келишими үчүн компаниянын жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну сунуштап жатат.

«Кыргызтелеком» четке кагып жатат

Бир күн мурун, 27-мартта компаниянын сайтында«Кыргызтелекомдун» менчиктештирилбей тургандыгы жөнүндөгү маалымат пайда болгон.

«Өкмөттүн жакында өткөн жыйынында “Кыргызтелеком” ААКсын менчиктештириле турган объектилердин тизмесинен чыгаруу жана менчиктештирүүгө жатпаган стратегиялык объектилердин тизмесине киргизүү чечими кабыл алынган», — деп жазылган ал билдирүүдө.

Компания ошондой эле Ош-Эркештам Волокон-оптикалык байланыш линияларын тартуу долбоорундагы ийгиликтери жөнүндө билдирген - аталган долбоор 2009-жылы башталып 2010-жылы пайдаланууга берилген.

«Орнотулган жабдуулардын жардамы менен Гүлчө, Сопу-Коргон, Сары-Таш жана Эркештам айылдарында телефондук жана интернет кызматтары көрсөтүлөт. Кызматтар жеке жактарга гана эмес мамлекеттик уюмдар менен коммерциялык компанияларга да көрсөтүлөт», — деп жазылган «Кыргызтелекомдун» сайтында.

Бүгүнкү күнгө карата «Кыргызтелекомдун» акцияларынын көзөмөлдөгү пакетинин 77,84 пайызы мамлекетке таандык.

Буга чейин, 18-февралда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд акциянын мамлекеттик пакети сатылбай тургандыгын билдирген.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттун автору: Илья Каримджанов