Орус бийлиги тыюу салынган сайттардын катарына киргизгенден кийин «Фэйсбук» баракчаларынын бирин өчүрдү. Эгер ал баракчасын өчүрүүдөн баш тартканда социалдык түйүн Орусия менен Борбордук Азия өлкөлөрүндө жеткиликсиз болуп калмак.
«Фейсбук» Орусиянын көзөмөл кызматынын талабын 29-мартта эртең менен аткарды, бул тууралуу ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникациялар боюнча көзөмөл жүргүзүү Федералдык кызматынын басма сөз катчысы Владимир Пиковго шилтеме жасап билдирди.
«Аргументы и факты» гезитинин маалыматы боюнча, Орусиянын Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникациялар боюнча көзөмөл жүргүзүү Федералдык кызматы «Өз жанын кыюуу мектеби» деген аталыштагы баракчаны тосмолоону талап кылган. Анда өзүн өзү өлтүрүүгө арналган плакаттар менен карикатуралык сүрөттөр жайгаштырылган.
Эгер «Фэйсбук» орус бийлигинин талаптарын аткарбаганда — дүйнөнүн ири социалдык түйүнү томолонууга кабылмак.
«Кыргызтелекомдун» коммерциялык директору Акыл Токолбаев Kloop.kgге берген маегинде эгер Орусия социалдык түйүндү тосмолосо Кыргызстандын жашоочулары да «Фэйсбук» менен пайдалана албай калышмак деп билдирди. Айтымында, анткени өлкө сырткы трафиктин бардыгын Орусия аркылуу алат.
«Биз Орусияга таасир эте албайбыз. Эгер орус интернет таркатуучулары тосмолоп салышса биз ал баракчаларды көрө албай калабыз», — деп түшүндүрдү Токолбаев.
Аты-жөнүн айткысы келбеген «Хоумлайн» интернет таркатуучусунун оператору Токолбаевдин пикири менен макул.
«Бизге интернет-трафик Орусиядан келет, ошондуктан алар тосмолошсо ал баракчалар бизде да жеткиликсиз болуп калат», — деди ал.
Kloop.kgнин редакциясы Орто Азия өлкөлөрүнүн интернет таркатуучуларынын сырткы трафикти алуусу жөнүндөгү жеке маалыматтарына таянуу менен, эгер Орусия тосмологондо Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын колдонуучулары да «Фэйсбукка» кирүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырашмак деп түшүндү.
«Фэйсбукту» толугу менен тосмолошмок эмес
Медиа-серепчи Марат Токоев орус интернет таркатуучулары сервисти толугу менен тосмоого барышмак эмес деп эсептейт.
«Балким анын баракчалары же блогдору сыяктуу кээ бир бөлүмдөрүн гана тосмолошмок. Чынында“Фейсбукту” толугу менен тосмолобойт», — деп эсептейт ал.
Орусияда тыюу салынган сайттардын бирдиктүү тизмеси 2012-жылы түзүлгөн. Бийликтегилер муну экстремизм менен күрөшүү жана эрезеге жете элек балдарды зыяндуу маалыматтардан сактоо менен түшүндүрүшкөн.
Бирок бул тизменин түзүлүшүн сындагандар да чыккан, алар бийлик мындай жол менен интернет чөйрөдөгү цензура үчүн жаңы куралды ишке кое берди деп эсептешкен.
Буга чейин тыюу салынган маалыматтарды камтыгын сайттардын бирдиктүү тизмесине «ВКонтакте» социалдык түйүнү, «Рутрэкер» торрент-порталы,«Гугл» издөө системасынын IP-даректеринин бири, «Луркоморье» интернет-энциклопедиясы сыяктуу бир нече ресурстар туура келип калышкан.
Австралиялык видеоролик
2013-жылдын февралында Орусиянын Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникациялар боюнча көзөмөл жүргүзүү Федералдык кызматы Австралиянын Мельбурн шаарынын метрополитениндеги видеороликти тосмолоого аракет кылган — анда тамаша түрүндө «өзүн өлтүрүүнүн акылсыз жолдору» көрсөтүлгөн, бирок ал чындыгында тескерисинче, темир жолдун айланасында этият болууга чакырган видео болгон.
Бирок орус бийлиги ал роликтин эл аралык сыйлыктарга ээ болуп, он миллиондогон адамдардын көргөндүгүнө карабастан, андан «өз жанын кыюууга үндөгөн чакырыктарды» да көргөн.
Бул үчүн аларды орус блоггерлери катуу сынга алышкан, алардын арасында Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникациялар боюнча көзөмөл жүргүзүү кызматын «бир клеткалуу келесоо» деп атаган белгилүү дизайнер Артемий Лебедев да бар болгон.
«Жалгыз Москвада эле жылына рельстерге 200дөй кулайт [...], бирок бул статистика жөнүндө айтууга болбойт. [...] Австралияда да элдер рельстерге кулашат жанан аны талкууга алып, аны менен бирге поезд чоң. тез жана оор болгондуктан адамды бөлүп кете тургандыгын айтып коюуу уят эмес. Мүмкүн бул жөнүндө кимдир бирөө ойлонуп калат», — деп жазган кыжырданган Лебедев.
Бул билдирүүдөн эки апта өткөндө орус бийлиги австриялык видеороликти тосмолоо чечимин жокко чыгарган.
Автор: Мария Гребнева