Тез жардам кызматынын дарыгери «үй-жайсыз» кызга жардам берүүдөн «баш тартты» [+ видео]

«Фэйсбук» социалдык түйүнүнүн колдонуучусу «өзүн жаман сезип жаткан» «үй-жайсыз» кызга жардам берүүдөн баш тартып жаткан тез жардам кызматынын дарыгерин видеого тартып алган. Азырынча бул окуя боюнча тез жардам станциясы комментарий бербей эле.

http://www.youtube.com/watch?v=2px024nDtnY

Окуяга күбө болгон Илья Жамиашвили «Фэйсбуктагы» баракчасына видео жайгаштырган - анда тез жардам кызматынын дарыгери Болот Абдылдаев акчасы жок «үй-жайсыз» кызга жардам берүүдөн баш тартып жаткандыгы тартылган. Жардам берүүнүн ордуна ал милиция чакыруу сунушун айткан.

«Бул жерде мындайлар канча экенин билесиңби, ал мас турбайбы, аны кайсыл жакка жаткырмак элек? Аны милицияга алып барыш керек же үй-жайсыз адамдарды кармай турган жерге», — деп жазган күбө дарыгердин айткандарын.

Жамиашвили билдиргендей, ал тез жардам көрсөтүүсү үчүн дарыгерге акча сунуштаган, бирок тез жардам кызматкери баш тарткан.

«Аны жолдон четке чыгарган жолдошу организминдеги уулануусун кетирүүнү өтүндү. Дарыгер болсо (01 бригададагы, фамилиясы Абдылдаев) кыжырдануу менен андан «сенде төлөгөнгө акчаң барбы?!» деп сурады. Анын акчасы жок экени түшүнүктүү да. Абдылдаевди четке чакырып, дары тамчылаткыч коюп коюсун, акчасын мен төлөй турганымды айттым. Эмнеге экенин билбейм, бирок менен бул сунушум аны азгыра алган жок», — деп жазган ал.

Күбөнүн айтымында, дарыгердин жардамчысы кызга нашатырь спиртин жыттаткандан кийин ал «калтырап» баштаган.

Жамиашвили кошумчалагандай, кетээрден мурун Абдылдаев диспетчерге телефон чалып, бул жерде «мас аял жатат», мындан ары бул дарек боюнча тез жардам жибербегиле деп айткан.

Бул билдирүүдөн кийин окуяга күбө болгон Жамиашвилинин «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасында кызуу талкуу башталган.

«Мына силерге, үй-жайсыз адамга окшошпу-жокпу жок дегенде жардам берип, ошол жерге калтырып койсо болмок да. Мына ушундайларды көрүп тез жардам кызматы жөнүндө терс пикирлер пайда болууда (((», — деп жазган нааразы болгон Сергей Еремеев аттуу колдонуучу төмөнкү жактагы пикир калтыруу бурчуна.

«Юнисон» коомдук фондунун башкы директору Нурзат Абдирасулова дарыгердин бул кылганын угуп үрөйү учууда.

«Биз коркунучтуу убакта жашап жатабыз, айланабызда канчалаган көңүл коштук. ((( Видеону жайгаштырып койгонуңуз үчүн рахмат Илья, келгиле, жок дегенде бул жөнүндө пикир алышып, талкуулап баштайбыз...», — деп жазган ал.

Социалдык түйүндүн кээ бир колдонуучулары ал кыздын үй-жайсыз экендигинен күмөн санап жатышат.

«Качантан бери Бишкектин көчөлөрүндөгү үй-жайсыз адамдар таза кийинип, чачын боеп жүрүп калган? Анда шаардын жарымын үй-жайсыз адамдардын катарына кошуп койсо болот», — деп жазган Елена Сметанина.

Тез жардам станциясынын башчысы Гүлнара Ташыбекова азырынча ал окуя боюнча комментарий бере албастыгын айтты.

«Алгач мен окуяны жакшылап түшүнүп, ал дарыгер менен сүйлөшүшүм керек», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Ташыбекова чакыруу боюнча дагы башка жакка кетип калган ал дарыгер менен сүйлөшүп, андан кийин комментарий бере тургандыгын убадалады.

Автор: Александра Ли

Видеонун автору: Илья Жамиашвили