Ташиев менен Жапаров — бир жарым жылга, Мамытов — бир жылга эрктеринен ажыратылышты

дары_чек ара, сурот , эс алуу8223

Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын депутаттарына карата өкүм чыгарды. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдор бир жарым жылга, Талант Мамытов — бир жылга эрктеринен ажыратылышты. Алардын УКМКнын тергөө абагындагы камактагы жарым жылдык мөөнөтү бир жылга теңелет.

Үч депутат тең «күч колдонуп бийликти басып алуу аракет кылышкан» деп табылып, 12 жылдан 20 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралган Кылмыш кодексинин 295-беренеси боюнча соттолушту, бирок Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров бир жарым жылга, а вице-спикер Талант Мамытов бир жылга эрктеринен ажыратылышты .

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов чыгарылган өкүм менен беренеде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн ортосундагы дал келбестикти сынга алды.

«Бул ал берененин депутаттарга карата туура эмес, мыйзамсыз колдонулгандыгын көрсөтүп турат, анткени ал оор берене боюнча мындай жеңил жаза берүү логикага ылайык келбейт», — деди Айткулов өкүм чыгарылгандан кийин Kloop.kgге берген маегинде.

Депутаттар айыпталып жаткан калган бардык беренелер боюнча акталышты, алардын арасында элди конституциялык түзүмдү кулатууга чакыруу үчүн жаза каралган 297-берене дагы бар.

Үч депутат тең 2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен парламент имаратынын жанында өткөн митингден кийин кармалышкан. Бийликтегилердин версиясы боюнча, анда алар бийликти басып алууга аракет кылышкан.

Үч депутаттын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында жарым жыл камакта болгондугун эске алынып, алардын камактагы ар бир күнү эки күн деп саналды.

Бул Ташиев менен Жапаров дагы жарым жыл, ал эми Мамытов өкүм боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылуу үчүн бериле турган он күндөн кийин эркиндикке бошотулат дегенди билдирет.

Жактоочулар өкүм боюнча даттанышат

Өкүмдүн мамлекеттик айыптоочулар суранып жаткан — 9 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу — жазасына караганда бир кыйла эле жумшак болгондугуна карабастан күнөлүү деп табылган депутаттар соттун бул чечимине нааразы болушууда.

Оппозиционерлердин жактоочулары чечим боюнча жогорку инстанциядагы сотко даттана тургандыктарын билдиришти.

Депутаттардан сырткары алардын эки жансакчысы, айдоочусу жана коомдук жардамчысы бир жылга эрктеринен ажыратылышты. Бирок алардын бардыгы тең депутат Мамытовдой эле камактагы мөөнөттөрүн тергөө абагында өткөрүп коюшкан.

Октябрь митингинин модератору Кубат Кожоналиев толугу менен акталды.

Өкүм чыгарыла турган соттун жыйыны тынч эмес шартта өттү, ал оппозициянын тарапташтарынын Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанындагы митинги менен коштолуп турду.

Саны боюнча 500дөн 700гө чейин жеткен митинг катышуучулары эң аз дегенде эки жолу Биринчи май райондук сотунун имаратына кирип барууга аракет кылышты, бирок алардын көпчүлүк бөлүгү милиция тарабынан сүрүлүп чыгарылды.

Укук коргоо органдары сот имаратын күчөтүлгөн режимде кайтарышты, бирок алар менен митингдин катышуучуларынын ортосунда кагылыш болгон жок.

Авторлор: Азат Рузиев жана Нуржамал Жаныбекова