«Ата-журтчуларга» карата чыгарылган өкүм адилеттүүбү?

IMG_0022_1

«Ата-Журттун» эки лидеринин камактагы мөөнөттөрү жарым жылдан кийин аяктайт, үчүнчүсү болсо бир аптадан кийин эркиндикке чыга алат — алар “бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан” деп күнөөлөнүшкөн. Талдоочулар саясатчылардын иш-аракеттери үчүн берилген жазанын тууралыгы тууралуу ар түрдүү пикирлерин билдирип жатышат.

«Бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылуу» беренеси Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жатат. Ал берене боюнча өткөн жылдын октябрында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өлкөнүн борбордук аянтында масштабдуу митинг өткөрүшкөн үч оппозиционер соттолду.

Биринчи май райондук сот оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын депутаттарын Кылмыш кодексинин 295-беренесинде каралган эң жумшак жаза мөөнөтүнөн сегиз эсе жумшак өкүм чыгарды.

Эгер бул чечим боюнча жогорку инстанциядагы сотко эч ким даттанбаса Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров жарым жылдан кийин, ал эми Талант Мамытов бир аптадан кийин эле эркиндикке чыгышат.

Депутаттарга каршы кылмыш иши митингдин катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратынын тосмосунан ашып өтүшкөндөн кийин козголгон
Депутаттарга каршы кылмыш иши митингдин катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратынын тосмосунан ашып өтүшкөндөн кийин козголгон

Депутаттардын жактоочулары сот процесси башталганда эле бул иштин саясий мүнөзгө ээ экендигин, ошондой эле сотко басым жасалып жаткандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылышкан.

Өкүм боюнча талдоочулар менен юристтер ар түрдүү көз караштарын билдирип жатышат — кээ бирлери өкүм парламентарийлердин иш-аракеттерине шайкеш келет жана «кырдаалдын курчуп кетишинен» чочулап чыгарылды деп эсептешсе, башкалары аны «өтө эле жумшак» жаза деп айтып жатышат.

Рим укугу «бузулду»

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев Kloop.kgге берген маегинде өкүм Рим укугунун принциптерин буза тургандыгын айтты.

«Рим укугунда мыйзамды кеңейтилген түрдө түшүнүүгө болбойт жана аны иш-аракеттер боюнча баа берүүгө болбойт. Аталган процесс [“ата-журтчулардын” иши] жогорудагы принциптердин бардыгын бузуп жатат», — деди серепчи.

Какчекеев Кыргызстандын учурдагы бийлиги «мыйзам боюнча барууга» «өтө алсыз» жана өлкөнүн түштүгүндө нааразычылыктарды күчөтүп алуудан кооптонуп жатат, деп түшүндүрдү.

Серепчи Ташиев, Жапаров жана Мамытовдордун аракеттерин «бийликти күч колдонуп басып алуу аракети» катары түшүнсө боло тургандыгына ишенет.

«Анткени үгүттөө болгон, мотив болгон, чабуул жана бийликке каршылык көрсөтүү болгон», — деп эсептейт Какчекеев.

Саясий ымала

Талдоочу Марат Казакпаев бул боюнча карама-каршы келген көз карашын билдирди — ал парламентарийлердин андагы иш-аракетин «бейбаштык» деп эсептеп, сот өкүмүн «саясий ымалашуу» деп атады.

«Кандай болгондо да алардын аракетттер ал беренеге [“бийликти күч колдонуп басып алуу аракеттин көрүү”] туура келбейт. Ошондуктан сот менен бийлик эгер депутаттар 295-берене боюнча жазаланышса кырдаалдын курчушуна алып келээрин эске алышкан», — дейт талдоочу.

Казакпаев Ташиевди Кыргызстандын учурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин негизги каршылашы деп атап, оппозицияны «убактылуу четке чыгаруу» үчүн кылмыш иши бейбаштык эмес, «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылуу» беренеси боюнча козголгон деп эсептейт.

«Бул жерде убакыттан утуу үчүн “Ата-Журттун” лидерлерин убактылуу четке чыгаруу болду. Бирок Ташиевдин электораты өтө көп болгондуктан убакыттан ута алышкан жок», — деди талдоочу.

Казакпаевдин айткандарына окшош пикирин анын кесиптеши — Марс Сариев билдирди. Саясий серепчи буга чейин эле элдин толкундоолорун пайда кылбаш үчүн оппозиционерлерди болжол менен бир жылга эрктеринен ажыратышат деп айткан.

«Республикадагы саясий контекст менен саясий абал эске алынды. Сот серепчилердин, коомчулуктун пикирине кулак салды. Менин оюмча, президент дагы кандайдыр бир деңгээлде өз позициясын кыйыр түрдө билдирди. Албетте, негизинен мындай иш-аракеттер үчүн бир топ эле көп мөөнөт берилет», — деди Сариев.

Юридикалык жактан болушу мүмкүн

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов беренеде көрсөтүлгөн мөөнөттүн катаалдыгы менен чыгарган өкүмдүн жумшактыгын белгилөөдө.

«Бул ал берененин депутаттарга карата туура эмес, мыйзамсыз колдонулгандыгын көрсөтүп турат, анткени ал оор берене боюнча мындай жеңил жаза берүү логикага ылайык келбейт», — деди Айткулов өкүм чыгарылгандан кийин Kloop.kgге берген маегинде.

Бирок бул соттук процесске тиешеси жок юрист Кубанычбек Ташбалтаев юридикалык жактан беренеде айтылган эң жумшак жазадан да жумшагыраак өкүм чыгарууга боло тургандыгын айтууда.

«Беренеде айтылган эң жумшак жазадан да жумшак өкүм чыгаруу — сот жазаны жумшарта турган жагдайларды эске алган учурларда мүмкүн, ал жагдайларга буга чейин соттолбогондугу, балдарынын бардыгы, эли-жерине сиңирген эмгеги сыяктуулар кирет», — деп түшүндүрдү Ташбалтаев.

Бирок ал ошол эле маалда 295-беренеде 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралгандыгын эске алып, өзгөчө оор кылмыш үчүн сот өкүмү «жумшагыраак» болуп калгандыгын белгиледи.

Өкүм

Өткөн жума күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» депутаттарын 2012-жылдын 3-октябрында «күч колдонуп бийликти басып алууга аракет көрүү» беренеси боюнча күнөлүү деп тапкан.

«Кумтөрдү» улутташытуу талабы менен 2012-жылдын 3-октябрындаөткөн митинг
«Кумтөрдү» улутташытуу талабы менен 2012-жылдын 3-октябрындаөткөн митинг

Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдор бир жарым жылга, Талант Мамытов бир жылга эрктеринен ажыратылышты, — алардын УКМКнын тергөө абагындагы камактагы жарым жылдык мөөнөтү бир жыл катары эсептелинет.

Депутаттар айыпталып жаткан калган бардык беренелер боюнча акталышты, алардын арасында элди конституциялык түзүмдү кулатууга чакыруу үчүн жаза каралган 297-берене дагы бар.

Депутаттардын жактоочулары бул өкүм боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылууну көздөп жатышат, Башкы прокуратура да даттанууну пландап жатат — мамлекеттик айыптоочулар парламентарийлерди 9 жылдан 10 жылга чейин эрктеринен ажыратууну өтүнүп жатышкан.

«Ата-Журт» депутаттарды бошотуу талабы менен өлкөнүн түштүгүндө бир топ жолу митинг өткөрүшкөн, бирок кийинчерээк аларды соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин жылдыра туруу чечимине келишкен.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган талдоочулар өкүмгө байланышкан нааразычылык акциялары болоорун болжолдоп жатышат, бирок алар анча масштабдуу болбойт деп айтышууда.

Автор: Зарема Султанбекова