«Шпигель» немис басылмасы Германиянын федералдык полициясы төрт жыл бою Кыргызстандын УКМКсын мобилдик телефондор аркылуу аңдуу жүргүзүүгө жана Интернетте издөө сурамдарын иштеп чыгууга үйрөтүп келгендигин аныктады. Буга Бундестагдын солчул депутаттары нааразы болуп жатышат.
Германиянын Жазык полициясынын федералдык мекемеси эң аз дегенде төрт жыл бою Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин колдоп келген — бул тууралуу «Шпигель» немис журналына Германиянын аталган мекемесинин өкүлү билдирген.
Аны менен катар Германиянын Жазык полициясы УКМКнын кызматкерлерине мобилдик телефондордун сигналдары аркылуу аңдуу жүргүзүп, адамдардын жайгашкан жерин аныктоого жана Интернетте издөө сурамдарын иштеп чыгууга үйрөтүп келген.
Журналдын маалыматы боюнча, жалпысынан 2008-жылдан 2012-жылга чейин созулган үч курс өткөрүлгөн.
Андан сырткары немис полициясы УКМКны 73200 евролук жабдуулар менен камсыз кылган — «Шпигель» бул сумманы да Германиянын Жазык полициясынын Федералдык мекемесинин маалыматына таянып жазган.
Кыргызстандын атайын кызматына берилген жабдуулардын ичинде видеобайкоо системасы, сканнерлер жана «Фольксваген Транспортер» кичи автобустары болгон.
«Колдоо [кыргыз атайын кызматын] парламенттин бир катары мүчөлөрүнүн кескин сынына кабылды», — деп жазган «Шпигель».
Бир катар немис саясатчылары - өзгөчө солчул депутаттар - өз нааразычылыктарын Кыргызстандын УКМКсы ал алган билимдерин белгиленген багыт боюнча пайдаланбай тургандыгы менен тушүндүрүп жатышат.
«Германия оппозицияны аңдып, аны кысмакка алуусу үчүн кыргыз режимин каражат менен камсыз кылган», — деп жазган «Шпигель» Бундестагдагы 622 орундун 76сына ээлик кылган Солчулдар партиясынын басма сөз катчысы Уллу Йельпкенин айткандарын.
Кыргызстандын атайын кызматтагылары өзүнүн талаш-тартыштуу ыкмалары үчүн эл аралык укук коргоочулар менен жергиликтүү активисттердин сынына бир нече жолу кабылышкан.
УКМКнын дарегине 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык чыр-чатактан кийин сындар өзгөчө көп айтыла баштаган — өз макаласында «Шпигель» УКМКны жарандарды «кыйноого алган» жана «негизсиз камакка алган» деп айыптаган «Хьюман Райтс Уотч» уюмунун маалыматтарын келтирген.
Бирок Кыргызстандын атайын кызматы өз ишин аткарууда мыйзам бузгандыктары тууралуу айтылган ал маалыматтарды четке кагып келүүдө.
Сүрөттө Германиянын Жазык полициясынын федералдык мекемеси, «Шпигель» журналынын сайтынан алынды