Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жол «эрежесинин бузулгандыгы» текшерилүүдө

«Билайв» видео-порталынын колдонуучусу сайтка Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жол эрежесинин «бузулгандыгы» тартылып алынган видеолорду жайгаштырган. Аталган мекеменин жетекчилиги кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.

«Билайвдын» abdrahmanov777 деп катталган колдонуучусу Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жол эрежеси бузулгандыгына күбө болуп, аны видеого тартып алган — жалпысынан ал интернетке эки видеоролик жайгаштырган.

http://www.blive.kg/video:189317/

Биринчи видеодо abdrahmanov777 Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерине ал унаасын туура эмес жерге токтоткондугун айтып жаткандыгы тартылган — милиция кызматкери унаасын «Токтотууга тыюу салынган» деген белгинин жанына коюп койгон.

Бир аз талашып-тартышышкандан кийин Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкери унаасын жол эрежесине ылайыктап, 500 метрге жылдырып токтоткон.

http://www.blive.kg/video:189378/

Экинчи видеодо abdrahmanov777нин башка милиционерге унаасын аялдамага жакын токтотуп, жол эрежесин бузуп жаткандыгын түшүндүрүп атканы тартылган. Тескөөчү автордун видеого тартуусуна тыюу салган, мындан улам ал экөө кер-мур айтыша кетишкен.

Жыйынтыгында, тескөөчү төш белгисин катып, унаасын башка жерге жылдыруудан баш тарткан.

Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын басма сөз кызматкери Кылычбек Урзалиев Kloop.kgге берген маегинде учурда ал видеодогу «эреже бузуулар» боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыгын билдирди.

Бирок Урзалиев тескөөчүлөрдүн күнөөлүү эместиктерине ишенет. Анын айтымында, алардын сиреналары күйүп турган болчу, ал эми сиреналары күйүп турган маалда Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлеринин эреже бузууга укуктары бар болот.

«Мен ал видеолорду көрдүм, анда тескөөчүлөрдүн сиреналары күйүп турган. Алар аба ырайынын начардыгынан улам көрүнбөй калган, анткени Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлеринин көпчүлүгүнүн сиреналары Кытайда өндүрүлгөн», — деди ал.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы менен административдик практика бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Нур Сатыбалдиев эгер «эреже бузуу» фактысы аныкталса ал тескөөчүлөр айып төлөө жазасы менен жазалана тургандыктарын айтты.

«Эгер жол эрежесинин бузулгандыгы фактысы далилденсе Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерине протокол түзүлүп, айып салынат», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Сатыбалдиев видеого тартылып алынган эреже бузуу далилденсе ал үчүн мыйзам боюнча 300 сом өлчөмүндөгү жаза каралгандыгын кошумчалады.

Бул видеороликтер Кыргызстандагы белгилүү болгон «Дизель» интернет-форумунда кызуу талкуу жаратты. Колдонуучулар Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүсүнүн бул иш-аракетин боюнча түрдүү көз караштарын билдиришкен.

Алардын кээ бирлери abdrahmanov777ни колдоп, тескөөчүлөрдүн иш-аракеттерине ачууланышкан.

«Мына сага, инспектор видеонун биринчи мүнөтүндө эле "силер кимсиңер, менин жетекчимсиңерби, текшерүүчүсүңөрбү же прокуратурадансыңарбы" деп 20дан ашык жолу айтып жиберди. Демек ал үчүн жөнөкөй жарандар эч ким эмес экен да”, — деп жазган gameland.team аттуу колдонуучу видео жөнүндө пикирин билдирип.

Анын бул пикирине форумдун sunchild деген ысым менен катталган колдонуучусу каршы оюн билдирген.

«Эгер мен жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкери болсом, анан мага да бирөө камерасы менен келсе мен деле ойлонбой туруп тумшукка бир коймокмун. Бул МАИ кызматкери дагы сабырдуу экен. Биринчи мүнөттө эле кубалап чыгып, камераны талкалап салышы керек болчу», — деп жазган ал.

Автор: Виктория Васильева