2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал боюнча сот процессинде жактоочуну «сабап салышты»

obduтелекомn

Улуттар аралык жаңжал боюнча айыпталып жаткан адамдын жактоочусу Улугбек Усманов 2010-жылдын июнундагы Жалал-Абад облусунда болгон башаламандыктар боюнча Жогорку соттун жыйыны башталаарда сабалды.

Сотто Усманов Жалал-Абад облусунда унааны аткылоону уюштурган деп айыпталып жаткан Шамшидин Ниязалиевдин кызыкчылыгын коргоп жатат.

Сот залындагы адамдар Усмановду 2-апрелде, Жогорку соттун жыйыны башталаарда сабашкан — ал аны «тепкилеп, сабагандыктарын», ошондой эле анын колунан портфелин жулуп алууга аракет кылгандыктарын айтты.

Кол салууга анын кесиптеши Татьяна Томина менен «Фергана.ру» маалымат агенттигинин журналисти күбө болгон.

Усманов Kloop.kgге берген маегинде аны сабагандар атайын жалданган адамдар экендигин жана жөн гана«өздөрүн жабырлануучулар катары көрсөтүп жаткандыктарын» билдирди. Жактоочулар кол салгандарды төмөнкү инстанциядагы соттордо көрбөгөндүктөрүн айтып жатышат.

Залдагылар соттун жыйыны өтүп жатканда да жактоочууну коркуткандыктарын улантып: «Дагы көргүлүктү көрөсүң», — деп кыйкырып жатышты.

Шамшидин Ниязалиев «Санпа» окуясы боюнча айыпталуучу катары өтүп жатат. Анда 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал болуп жаткен кезде Бишкек-Ош унаа жолундагы Топурак-Бел ашуусунда белгисиз адамдардын тобу жолго чайыр төгүшүп, өтүп бара жаткан унааларды аткылашкан.

Анын жыйынтыгында, бир нече ондогон адамдар каза болушкан.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту Ниязалиевди окуяны уюштурууга күнөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок кийинчерээк Жалал-Абад облустук соту райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аны актаган.

Учурда Ниязалиевдин ишин акыркы соттун инстанция — Кыргызстандын Жогорку соту карап жатат.

Жактоочулар сот жообуна тартылып жаткан Ниязалиевдин күнөлүү эместигин билдирип, окуя болгон учурда ал Жалал-Абадда болбогондугун жана көрсөтмөсүн «кыйноолордун» алдында бергендигин айтып, далилдөөгө аракет кылып жатышат.

Автор: Зарема Султанбекова