«Пара талап кылгандыгы» үчүн ИИМ полковниги кармалды

obduтелекомn

Атайын кызматтагылар Бишкек шаардык кеңешинин депутатынан «пара талап кылгандыгы» үчүн Ички иштер министринин пенсионери менен полковнигин кылмыш үстүнөн кармашты. Азырынча бул боюнча ИИМ эч кандай комментарий бербей эле.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2,5 миң АКШ долларын (11 миң сомдон ашык) пара катары алып жаткан жеринен милиция чиновниги менен ИИМдин пенсионерин кармады, деп жазылган атайын кызматтагылардын сайтында.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү алар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын биринен «пара талап кылгандыктары» үчүн кармалышкандыгын билдирди. Коопсуздугу үчүн ал шаардык кеңештин депутатынын аты-жөнү айтылбай эле.

Басма сөз кызмтынын өкүлүнүн айтымында, депутатка бир нече жолу кол салуулар болгон жана мурунку милиция кызматкерлери алдын ала жардам берүү үчүн эл өкүлүнөн 10 миң АКШ долларын «талап кылышкан».

Депутат талап кылынган сумманын жарым бөлүгүн — 11 миң сомду гана — бере алган.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бул окуя боюнча комментарий бере алган жок.

«Биз алардын кармалышы жөнүндөгү материалдар менен тааныша элекпиз, азырынча ал боюнча комментарий бере албайбыз», — деди ал.

Бул факт боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы «пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Кармалгандар учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Автор: Шерзод Бабакулов