Кыргызстандын Маданият министрлиги«Вагиналардын монологу» пьесасы өз ичине «бузулган жыныстык катнашты пропагандалоону» камтыйт деп эсептеп, аны Кыргызстанда койбоого чакырууда. «Монологдордун» коюуучулары баары бир кое бере тургандыктарын айтып жатышат.
Маданият министрлиги «Вагиналардын монологу» пьесасынын уюштуруучуларынан 12-апрелге белгиленген спектаклди койбой эле коюуусун өтүндү. Алардын пикиринде, пьеса өз ичине «бузулган жыныстык мамилелерди пропагандалоону» камтыйт.
«Кыргызстан элинин менталитетин, коомчулуктун пикирин эске алып маданият министрлиги мындай пьесалар республиканын жарандарынын улутуна, динине карабастан алардын бардыгынын сезимдерин кемсинтиши мүмкүн деп эсептейт», – деп жазылган маданият министрлигинин пресс-релизинде.
Маданият министрлиги аларга «пьеса боюнча нааразычылыктарын айтышып, бегилүү искусства ишмерлери» кайрылышкандыктарын билдирди. Бирок пресс-релизде алардын аты-жөндөрү көрсөтүлгөн эмес.
Бирок «Вагиналардын монологун» Бишкекке коюууга көмөк көрсөтүп жаткан «V-Day» кампаниясынын уюштуруучуларынын бири Kloop.kgге берген маегинде алар пьесаны кое бере тургандыктарын айтты.
«Пьеса коомчулукту аялдар менен кыздарга карата кордук көрсөтүүлөрдүн масштабдуулугу тууралуу маалымат берүүгө багытталган, бул жерде бузулган жыныстык мамилелер пропагандаланбай эле», – деп жооп берди Айканыш Жээнбаева маданият министрлигинин сынына.
«Биз маданият министрлиги тараптан эч кандай билдирүү алган жокпуз. Алар шилтеме жасап жаткан белгилүү маданият ишмерлеринен да эч кандай арыз келген жок», — деп кошумчалады ал.
Быйыл «Вагиналардын монологу» өзүнүн Бишкектеги үчүнчү сезонун белгилеп жатат – пьеса «V-Day» кампаниясынын алкагында 2009чу жана 2011-жылдары коюлган
«Вагина жөнүндө айтыш керек»
«Вагиналардын монологу» пьесасы америкалык айым Ив Энслер тарабынан жазылган жана бири-бири менен байланышпаган көптөгөн эпизоддордон турат - аларда бактылуу да, ошондой эле трагедиялуу да аялдардын тагдырлары тууралуу айтылат.
Эпизоддордун бардыгында тең негизги ролду вагиналар ойнойт – алсак, алардын биринде качкындар лагеринде зордуктоого дуушар болгон аял жөнүндө айтылат, башка эпизодунда болсо кыз ички жыныстык органынын жалган кемчиликтери боюнча комплекстерин жеңүүгө жардам берген өнөктөшү тууралуу айтып берет.
Энслер пьесаны дүйнөдө каалоочулардын бардыгына коюууга уруксат берген, бирок бир гана шарт менен – пьесадан чогулган каражат зордуктоолордон жабыр тарткан аялдарга жардам бере турган кризистик борборлорго берилиши керек деген.
Пьесада аялдардын жыныстык органдары тууралуу тез-тез айтылгандыгы Кыргызстандын бийлигиндегилерди оңойсуздандырып жатса, «V-Day» кампаниясынын уюштуруучулары вагина жөнүндө айтыш керек деп эсептешет.
«Биз вагина жөнүндө айтпай, кыздарды жамынгыла деп айтып жатабыз. Качан гана зордук болгондо алар да айтышпайт, анткени күнөөсүн сезишет», — деп түшүндүргөн кампаниянын уюштуруучуларынын бири Фарида Лансарова Kloop.kgге берген маегинде.
БУУнун статистикасы боюнча, дүйнөдөгү ар бир үчүнчү аял зордукка кабылат. Пьеса каражат топтоп жаткан Бишкектеги «Мүмкүнчүлүк» кризистик борборунда эле жыл сайын 2 миңдей кордук көргөн аялдар кайрылат.
Муну менен катар «V-Day» кампаниясынын уюштуруучуларынын маалыматтары боюнча, кыргызстандык аялдардын 85 пайызы мындай борборлордун бар экендиги жөнүндө эч нерсе билишпейт.
Авторлор: Эльдос Казыбеков жана Бектур Искендер