Гранатанын жарылуусунан манжалары үзүлүп кеткен милициянын майоруна компенсация берилет

obduтелекомn

Көчөдөн табылган гранатанын жарылуусунан улам манжаларынан айрылган милициянын майору Шамиль Усубалиев акчалай компенсация алат. Азырынча ага төлөнө турган каражаттын суммасы аныктала элек.

Усубалиев ичинде белгисиз нерсеси бар баштыктагы оромду 30-мартта таап алып, «Ак-Өргө» конушунда жайгашкан шаардык милиция бөлүмүнүн имаратын көздөй жөнөгөн.

Баштыктагы ором милициянын офицери шаардык милиция бөлүмүнүн имаратына киргенде жарылып кеткен — жарылуудан улам Усубалиевдин сол колунун манжалары үзүлүп кеткен жана бети күйүп калган.

Учурда офицер реанимациялык бөлүмдө жатат, анын абалы «оор» деп бааланып жатат.

Жарылуу маалында майордон анча алыс эмес жерде турган аял да жабырланган, бирок учурда анын абалы «туруктуу» деп бааланууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын тескөөчүсү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде тергөөнүн болжолдуу версиясы боюнча, ал оромдо үн тундуруучу граната болгон жана Усубалиев анын жарылуусунан көп сандаган жараттарды алган.

«Жарылуунун жыйынтыгында, милиция кызматкеринин сол колунун манжалары үзүлүп кеткен, аны дээрлик толугу менен жулуп кеткен десек да болот [...] Бул иш боюнча бир канча экспертиза белгиленди», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Осмонбаев ИИМ жабырланган милиция кызматкерине «милдеттүү түрдө» сөзсүз акчалай компенсация төлөп берээрин, бирок ал каражаттын суммасы так белгилене электигин билдирди.

ИИМдин өкүлү тергөөнүн сыры деп жардырууга шектүүлөрдүн аты-жөнүн билдирүүдөн баш тартты, бирок ал тергөө иштери «толук кандуу» жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Автор: Мария Гребнева