Кызматынан четтетилген Орус драмалык театрдын директору бийлик менен соттошот

obduтелекомn

Кечээ кызматынан алынган Орус драмалык театрдын директору Борис Воробьёв маданият министрлигинин чечими боюнча соттошо тургандыгын билдирди.

Воробьев Kloop.kgге берген маегинде кызматка болгон укугун сот аркылуу коргой тургандыгын айтты.

«Мен алты жыл директор болуп иштегем, ишимде эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес. Театрды толугу менен реконструкциядан өткөргөм да, эми мен эмне “мен кеттим” дешим керекпи?» , — деди ал.

2-апрелде маданият министри Султан Раев Воробьевду кызматтан кетирүү жөнүндөгү буйрукка кол койду, деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Маданият министрлиги театрдын директорунун кызматтан четтетилишинин себептерин айтуудан баш тартууда.

Орус драмалык театрдын мурунку директору аны кызматынан «Ата Мекен» партиясынын буйругу менен алышты деп эсептейт. Айтымында, анткени ал маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаевге «пара» берүүдөн баш тартып койгон.

«Министрге мени кызматтан кетирүү буйругун Ата-Мекен партиясы берген, анткени бизде министр жөнөкөй гана бош орун, аны “Ата Мекен” партиясынын аппарат жетекчиси болгон орун басары Кудайберген Базарбаев башкарат. Анан мына, партия министрге эмне деп айтса, ошону аткарышты», — деп болжолдоду Воробьев.

Ал эми театрдын репертуарындагы спектаклдердин дээрлик бардыгын алып салышат деп кошумчалады.

«Инвесторлор театрга менин кепилдигимдин астында акча жумшашкан. Эгер мен иштебесем спектаклдер алынат», — деп түшүндүрдү театрдын мурунку директору.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн министр менен анын орун басары жеткиликсиз болууда.

Драмалык театрдын директору менен министрликтин жетекчилеринин ортосундагы чыр бир нече айдан бери созулуп келген.

Воробьев 21-марттагы журналисттер менен болгон жолугушуусунда маданият министрлигинин жетекчилиги театр имаратында оюн-зоок жайлар жайгашкандыгын айтып, анын кызматында калышы үчүн пара талап кылгандыгын билдирген.

«Алар эгер менин кызмат ордумда калгым келсе алгач 20 миң доллар, андан кийин 5 миң доллардан төлөп турушум керектигин түз эле айтышты. Мен эч кимге пара бербей турганымды айттым», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-редакциясы Воробьевдун айткандарын.

Базарбаев анда дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, Воробьев театрды «оюн-зоок борборуна» айландырып салгандыгын билдирген.

Бийликтегилер марттын аягында Орус драмалык театрдын имаратына улай салынган курулуштарды бузуп, андагы оюн-зоок жайларын жабууну талап кылышкан. Анда Техникалык жана экологиялык коопсуздук башкармалыгынын Бишкек шаардык бөлүмү ал курулуштар өрт чыгуу коркунучун жаратаарын билдирген.

Авторлор: Александра Ли жана Эльдос Казыбеков