Милиция 2010-жылы дайынсыз жоголуп кеткен адамды өлтүргөн деген шек менен Ошто чыккан «Уш садоси» гезитинин башкы редактору Махамадсоли Исмаиловду кармады. Басылманын редакциясынын кызматкерлери соттон жазаны жумшартууну суранып, өтүнүч кат жазып жатышат.
31-март күнү Ош шаардык милициясы өзбек тилдүү «Уш садоси» гезитинин башкы редакторун кармады , — деп билдирди Ички иштер министрлигинин Ош шаардык башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Жеңишбек Ашырбаев Kloop.kgге.
Милиция кызматкерлери тарабынан Исмаиловдон сырткары «адам өлтүрүүгө» шектелген дагы эки киши кармалган.
«Азыр аларды камоого уруксат алуу үчүн алып кетишти. Алар жөн гана кармалышты. Тергөө жүрүп жатат», — деди Ашырбаев.
Аты-жөнүн айткысы келбеген «Уш садоси» гезитинин кызматкери Kloop.kgге берген маегинде басылманын башкы редактору «адам өлтүрүүгө тиешеси бар» деп гана шектелбестен, 2010-жылдын июнь окуялары маалында «улуттар аралык кастыкты козуткан» деп да шектелип жаткандыгын билдирди.
Ал учурда гезиттин кызматкерлери жетекчисинин жазасын жумшартуу өтүнүчү менен сотко кайрылып жаткандыктарын кошумчалады.
«Азыр биз жазасын жумшартууну суранып Ош шаардык сотунун төрагасынын атына өтүнүч кат жазып атабыз», — деди ал.
ИИМдин Ош шаардык башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Исмаиловдун «улуттар аралык кастыкты козуткан» деп да шектелип жаткандыгы тууралуу айтылган маалыматты четке какты.
2010-жылдагы кыргыздар менен өзбектердин ортосунда болгон улуттар аралык жаңжал боюнча өтүп жаткан сот процесси эл аралык уюмдар тарабынан бир нече жолу сынга алынган - алар негизинен соттолгондордун арасында кыргыздарга караганда өзбек азчылыгынын өкүлдөрү көп болуп жаткандыгын айтышкан.
Муну менен катар алар Ош жана Жалал-Абад облустарында тутанган ал жаңжал жүздөгөн кыргыздардын да, өзбектердин да өмүрүн алып кеткендигин белгилешкен.
Бирок Кыргызстандын бийлиги бул сыяктуу дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын тең ар дайым четке кагып келет.
Автор: Мария Гребнева