Милиция «Уш садоси» гезитинин башкы редактору Мухамадсоли Исмаиловду убактылуу кармоочу жайдан үй камагына чыгарды. Бул иш боюнча кармалган эки адам май айына чейин убактылуу кармоочу жайда камакта болушат.
Исмаиловду үй камагына кое бердик, ал эми бул иш боюнча аны менен бирге кармалган берки эки адам убактылуу кармоочу жайда камакта, деп билдирди Ички иштер министрлигинин Ош шаардык башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Жеңишбек Ашырбаев
«Ал үчүн Шарка махалясынын аксакалдары кепилдиктерин беришти, Исмаилов ал жакта квартал комитетинин төрагасы болуп иштейт. Алар сотко чейин анын эч жакка кетпей тургандыгына кепилдик беришти» — деп билдирди ал.
Исмаилов аны чынында эле убактылуу кармоочу жайдан бошоткондуктарын Kloop.kgге ырастады, бирок андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.
«Мен эч кандай комментарий бере албайм, анткени менин ишим тергөөдө. Мен берген комментарийлер өзүмө эле зыян келтириши мүмкүн», — деди ал.
Ош милициясы Исмаилов менен анын эки айылдашын 31-мартта, 2010-жылы дайынсыз жоголуп кеткен адамды «өлтүрүшкөн» деген шек менен кармаган.
Аты-жөнүн айткысы келбеген гезиттин кызматкерлеринин бири басылманын башкы редактору «адам өлтүрүүгө тиешеси бар» деп гана шектелбестен, 2010-жылдын июнь окуялары маалында «улуттар аралык кастыкты козуткан» деп да шектелип жаткандыгын билдирген, бирок, милиция бул маалыматты четке кагып жатат.
2010-жылдагы кыргыздар менен өзбектердин ортосунда болгон улуттар аралык жаңжал боюнча өтүп жаткан сот процесси эл аралык уюмдар тарабынан бир нече жолу сынга алынган — алар негизинен соттолгондордун арасында кыргыздарга караганда өзбек азчылыгынын өкүлдөрү көп болуп жаткандыгын айтышкан.
Муну менен катар алар Ош жана Жалал-Абад облустарында тутанган ал жаңжал жүздөгөн кыргыздардын да, өзбектердин да өмүрүн алып кеткендигин белгилешкен.
Бирок Кыргызстандын бийлиги бул сыяктуу дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын тең ар дайым четке кагып келет.
Автор: Нуржамал Жаныбекова