Сот кызматкерлери «пара талап кылышкан» деп шектелип жатышат

obduтелекомn

2-апрелде атайын кызматтагылар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрайымынын милдетин аткаруучусу менен Жогорку соттун кызматкерин кармашты. Бул факты боюнча шаардык прокуратура кылмыш иштерин козгоду.

2-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан сот органдарынын эки кызматкери — Бишкектин Октябрь райондук сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Гүлайым Эркебаева менен Жогорку соттун аппаратынын Кодификация жана мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси кармалды.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, кармалгандар Кыргызстандын жаранынан кылмыш ишин анын пайдасына чечип берүү үчүн 5 миң АКШ долларын (235 миң сомдон ашык)«талап кылышкан», бирок ал талап кылынган сумманы толук эмес — 3 миң долларын гана (141 миң сом) бере алган.

Көзөмөлдөө органдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, сот кызматкерлери акча алып жаткан жеринен Ош базарынан алыс эмес жайгашкан «Меридиан» кафесинде кармалышкан.

УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча комментарий берүүдөн тартты.

Эркебаевага жакындыгы бар булак судьянын кармалышы «чагымчылдык» болгон деп эсептейт.

«Бул окуя — чагымчылдык, төраганын орун басарына жамандык каалагандар тарабынан уюштурулган. Судья кафеге Жогорку соттогу таанышынын чакыруусу менен түштөнүүгө барган. Ал таанышы болсо аны алдын ала сүйлөшүп алган берки аял менен тосуп алган», — деди ал.

Айтымында, Эркебаева Жогорку соттун кызматкери кармалган акчалар жөнүндө эч нерсе билген эмес жана атайын кызматтагыларда ага каршы эч кандай далилзаттар жок.

«УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында анын күнөлүү экендигинин эч кандай далили жок, болгону кафеде ал аялдар менен бир столдо отургандыгы гана айтылууда [...] Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы коомчулукту адаштырып жатат — чындыгында төрайымдын милдетин аткаруучу ал акчаларды алган эмес, бул акчаларды сканерлөөдө да, манжа издерин алууда да аныкталды», — деди ал.

Күбө сурактан кийин Эркебаеваны кое беришкендигин жана ал бүгүн жумушка чыккандыгын кошумчалады.

Райондук соттун төрайымынын милдетин аткаруучу тергөөгө параллелдүү катышат — бул иш боюнча ал шектүү катары өтүп жатат.

Автор: Кубан Макешов