20 жылдык башаламандыктан кийин Оштогу кинотеатрлардын жандануусу

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Ош шаарынын кинотеатрлары көп жылдардан берки тыныгуудан кийин жанданып башташты. Көрсөтүүлөрдүн деңгээли советтик мезгилдегиге жетпесе да жашоочулар киного баруу кайрада салтка айланат деп үмүттөнүп жатышат.

Алыскы 1965-жылы Оштун жергиликтүү бийлиги тарабынан шаардагы алгачкы жазы форматтуу кинотеатр ачылган. Ал 600 кишиге ылайыкташтырылып, «Киргизия» деп аталган.

11 жылдан кийин, 1976-жылы Ош шаарында эң чоң, эки залдуу алгачкы «Семетей» кинотеатры ачылган.

Бул эки кинотеатрдагы сеанстарга билеттер көрсөтүү башталганга чейин эле сатылып кетчү жана ал жылдары шаарда киного барып көрбөгөн адам калган эмес.

80-жылдардын аягында Ош шаарында 8 кинотеатр иштеп турган. Бирок бүгүнкү күндө кырдаал таптакыр башкача.

25 жылдан кийин

«Бүгүнкү күндө биздин кинотеатр Ош шаарынын визиттик картасы болуп саналат. Мындай кинотеатр республика боюнча жок», — дейт «Семетейдин» директору Бактыгүл Малабаева.

Бүгүнкү күндө «Семетейде» «Салам, Нью-Йорк» тасмасы көрсөтүлүп жатат. Касса менен кире бериш жерде мектеп окуучулар үймөлөктөшкөн. 400 кишиге ылайыкташтырылган чоң зал менен 200 орундук кичи зал шаар тургундарынын карамагында.

Ошто режиссер Руслан Акундун аталган тасмасы 25-марттан тарта көрсөтүлүп баштаган, андан бери билеттер тез эле сатылып кетүүдө.

Бүгүн, «Семетейте» 80-жылдардагыдай киши көп болуп турганда, кинотеатр бул жылдардын аралыгында эмнелерди башынан өткөргөндүгүн элестетүү кыйын.

Бактыгүл Малабаева «Семетей» кинотеатрына 27 жылдык өмүрүн арнаган.
Бактыгүл Малабаева «Семетей» кинотеатрына 27 жылдык өмүрүн арнаган.

«СССР таркагандан кийин биздин театр ээн болуп калган», — дейт Малабаева.

Кыргыз кинематографиясы гүлдөп турган маалда «Семетейде» негизги залдарга кошумча бир нече жайкы ачык кинотеатрлар иштеп, 50дөн ашык кызматкер эмгектенип турса, 90-жылдары Малабаевага жалгыз билет текшерүүчү болуп да, пол жуугуч жана кароолчу болуп да иштөөгө туура келген.

2009-жылы театрдын имаратын рейдерлик жол менен тартып алууга аракет кылышкан — азыр директор алардын артында кимдер тургандыгын айтпай эле, бирок ал «Семетейди» сактап кала алган.

Абал 2010-жылы — улуттар аралык жаңжалдан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын каражатына капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап жабдуулар алынып, айланасы көрктөндүрүгөндөн кийин түп тамырынан бери өзгөргөн.

Бүгүнкү күндө кинотеатр чын эле сыртынан жакшы каралгандай, ичинен жайлуу көрүнөт.

«Мен бул жерде чаңдарды сүртөм»

Бирок «Семетейдин» жолу болду десек болот — анткени ал Оштогу башка кинотеатрларга салыштырмалуу өтө кыйын жылдары да тасмаларды видеомагнитофон туташтырылган телевизор аркылуу көрсөтсө да өз ишин токтоткон эмес.

Кинотеатрдын кассаларындагы кезек күтүү Ошко кайтып келди.
Кинотеатрдын кассаларындагы кезек күтүү Ошко кайтып келди.

Жалпысынан Ош шаарында сегиз кинотеатр бар, бирок «Семетей» көп жылдардан бери түштүк борборунда иштеп турган жападан жалгыз кинтеатр болуп келген.  

«Черемушки» кичи районунда жайгашкан мурунку «Киргизия» — азыркы «Кыргызстан» кинотеатры андан да трагедиялуу тарыхты башынан өткөргөнүнө карабастан иштеп жаткан кинотеатрлардын катарына быйыл кошулган.

«Ишенбейт болушуңар керек, бирок эшиктери жок калган чоң залдын ичине оттоп жүргөн койлор да кирип кетишчү, үй-жайсыз адамдар да ошол жакта түнөшчү. Биз көптөгөн жылдар бою кинотеатрды айланып өтүп калганбыз», — дейт жергиликтүү тургун, пенсионер Адылбек Сыдыков.

Бүгүнкү күндө «Кыргызстанда» кайра келбеттөө иштери жүрүп жатат, бирок «Семетейдин» деңгээлине жете элек — азырынча чатырын гана жаңылоого жетишишти, негизги залды оңдоо иштери токтоп турат.

«Кыргызстандын» фойесинин бир бөлүгү кичи зал катары жасалган, 2013-жылдан баштап анда тасмалар көрсөтүлө баштады.

«Мен келгенге чейин кинотеатр үрөй учурган абалда болчу, — дейт мурунку театр жана кино актеру, «Кыргызстандын» директору Топчубай Досбаев. — Жабдууларды талап кетишкен, чатыры тешилип, андан суу акчу, ал эми полу менен отургучтар чирип кеткен».

Досбаев көптөгөн жылдар бою Кыргыз Улуттук академиялык театрда артист болуп иштеген. 90-жылдары ал акча иштеп табуу үчүн Казакстанга кетүүгө мажбур болгон. Артист Астанадагы улуттук маданий борборго кыргыз диаспорасын чогултуп, маданий иш-чаралар менен майрамдарды уюштуруп турган.

OLYMPUS DIGITAL CAMERA
Топчубай Досбаев «Кыргызстан» кинотеатрын калыбына келтирүү иши менен эки жылдан бери алектенип келе жатат.

Бирок эки жыл мурун жакын адамдарынын өтүнүчү боюнча туулган шаарына кайтып келип, 2011-жылдын 30-июнунан бери калыбына келтирип, келбеттөө иштерин жетектөөгө киришкен.

 Кинотеатрда оңдоо иштери жүрүп жатканда Досбаев азырынча стол менен отургуч гана баткандай кичинекей бөлмөдө иштейт. Арт жагында СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү илинип турат.

«Кээде мен өзүмө өзүм бир эле суроону кайра-кайра бере берем: «Мунун баары мага керекпи?». Астанада менин бизнесим бар болчу, кээде жубайым кыйналганымды көрүп алып урушат. Бирок муну кимдир бирөө кылышы керек да», — дейт Досбаев.

«Кыргызстандан» алыс эмес жашаган тургундар да кайсы бир кездерде модалуу болгон кинотеатрды кайрадан калыбына келтирүү иштерине кошулушту.

«Адамдар ашар жолу менен айланасын көрктөндүрүштү, өткөн жайда балдары менен неберелери үчүн кичи-аттракцион ачышты, ал эми апалар менен аталар үчүн отургучтар орнотулду», — дейт пенсионер Адылбек Сыдыков.

«Мен Кыргызстандын маданиятынын калыбына келиши үчүн өз салымымды кошуп, байыркы шаарыбыздын өнүгүүсүнө жардам бергим келет. Балдарым бул жерде чаң сүртүп жатканыма сыймыктанышсын», — дейт күлүп кинотеатрдын директору.

Кинотеатрлар өлбөйт

«Кинотеатрларга баруу салты менен маданияты эч качан өлбөйт», — деп эсептейт «Семетей» кинотеатрынын директору Бактыгүл Малабаева.

Анын айтымында, Ош шаарынын тургундары киного кайрадан үй-бүлөлөрү менен бирге барып башташты.

«Тасманы үйдө отуруп телевизор аркылуу көрүү менен кинотеатрдан көрүү – бул таптакыр башка нерселер», — деп ишенет ал.

«Семетей» кинотеатрынын алдындагы аянтта кайрадан киши көп.
«Семетей» кинотеатрынын алдындагы аянтта кайрадан киши көп.

«Кыргызстан» кинотеатрынын директору да ушундай эле пикирин билдирди:

«Биз башаламандык мезгилден өттүк. Бекеринен тасмаларды көрүүчү жайлар киноТЕАТР деп аталбаса керек да! Муну ким түшүнсө ал жакка дайыма барып турат».

«Андан сырткары биздин кинематографияда жаңы ысымдар – жаңы артисттер, жаңы режиссерлор менен сценаристтер пайда болуп жатат. Ошондой эле көрүүчүлөр да профессионалдуу тасмаларга болгон суроо талаптарын таңуулап жатышат. Бул жерде эки тараптуу кыймыл, киноискусство менен көрүүчүнүн бири-бирине карама-каршы кыймыл жүрүп жатат», — деп кошумчалады Досбаев.

Кинематография департаментинин Ош облустук дирекциясынын директору Адылбек Сарыбаев адамдар кинотасмаларга, өзгөчө кыргыз кинолорунун классикасына жакындап, көп келе баштагандыктарын белгиледи.

«Кинотасмалар жаңы нерсенин жаралышына, дүйнөнү позитивдүү кабыл алууга түрткү берип, адамдардын ички дүйнөсүн жакшы иштерге умтултат», — деп эсептейт ал.

Ал эми Ош шаарынын мектеп окуучулары жаңы гана көрүп чыккан «Салам, Нью Йорк» тасмасы жөнүндө сүйлөшүп, талкуу жүргүзүп жатышат — ал тасма Американы багындыруу үчүн кеткен Кыргызстандын жараны жөнүндө.

Бул кинодон кийин Оштун жаштарынын жашоого карай жаңы умтулуулары пайда болду.

«Тасма сезимимди ойготуп, жакшы таасир калтырды. Мен да тасманын башкы каарманындай болуп англис тилин жакшы үйрөнгүм келип кетти, Америкага окууга тапшыргым келип жатат», — дейт 10-класстын окуучусу Арген.

Автор: Музаффар Турсунов