«Фридом Хаус» кыргызстандык кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизилишин «басмырлоо» деп атады

obduтелекомn

Америкалык «Фридом Хаус» бейөкмөт уюму ата-энесинин уруксаты жок 23 жашка чыга элек кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу сала турган токтом долбоорун «басмырлоо» деп атады. Ал сунуштун демилгечиси, депутат Ыргал Кадыралиева мындай жол менен кыздарды зомбулуктан «коргоп жаткандыгына» ишенет.

4-апрелде парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети «Өлкөнүн сыртына чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндөгү» токтом долбоорун кайрадан иштеп чыгууга жөнөттү.

«Мындай чечимдин кабыл алынышына долбоордо басмырлоо нормаларынын жоюлбагандыгы, ошондой эле конституциялык жана эл аралык стандарттардын бузулушу негиз болгон», — деп жазылган «Фридом Хаустун» билдирүүсүндө.

Уюмдун атайын кеңешчиси Алмаз Эсенгелдиев Кадыралиеванын бул демилгесин «таң калыштуу» деп эсептөөдө.

«Мамлекеттик чиновниктер бир нече жылдан бери биздин мигрант кыздарыбызды коркутуп, зомбулук көрсөтүп келе жаткан кылмышкерлерди кармоо боюнча чараларды көргөндүн ордуна адамдардын укуктарын бузуп, өлкөдө кыйноолор болуп жаткандыгын бүткүл дүйнөгө көрсөтүүдөн жакшы эч нерсе табышкан жок», — деп белгиледи Эсенгелдиев.

Ал мында Орусиядагы мекендеш кыздарды мазактап, видеосун интернетке жайгаштырган мигрант кыргыз балдардын «Патриот» деген кыймылы тууралуу айтып жатат.

Кадыралиева өзүнүн сунушун «патриоттордон» жабыркаган кыздардын биринин ысымы менен — «Сапаргүл» деп атаган.

Буга чейин депутат Kloop.kgге маек берип, кыргызстандык кыздарды чет жактардагы зомбулуктар менен кулчулуктан коргогусу келип жаткандыгын билдирген.

Кадыралиева анда окууга же жумушка расмий чакыруу алган кыздардын чыгуусуна тыюу салынбай тургандыгын белгилеген болчу.

Парламентарийдин бул сунушу 2012-жылдан бери сынга кабылып келүүдө — активисттер менен укук коргоочулар тыюуу салуу «конституцияга каршы келет» деп, ага каршы болуп жатышат.

Автор: Зарема Султанбекова